whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
21.03.2025
11.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомАнжыян облусундагы Кыдырша айылы

Анжыян облусундагы Кыдырша айылы

Чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздардын ичинен Өзбекстанда жашаган этникалык кыргыздардын саны көпчүлүктү түзөт. Өзбекстандын статистикасында 2021-жылдын 1-январына карата 291,6 миң этникалык кыргыздар бар деп көрсөтүлгөн. Айрыкча Анжыян облусу кыргыздар эзелтеден эле көп жашаган аймак болуп саналат.

Анжыян облусунун Ханабад шаарында этникалык кыргыздар көп жашаган эки кыргыз айылы бар. Алар Кыдырша жана Тейит айылдары. Кыдырша айылы Жалал-Абад облусунун, Сузак районуна караштуу Барпы жана Бек-Абад айыл өкмөттөрү менен чектеш жайгашкан чек арадагы айыл. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде Кыдырша айылынын раиси Балтабаев Жолдош, акын Барпы Алыкуловду үй-бүлөсү менен Кыдырша айылына көчүрүп келген. Согуш мезгилинде жашоо-турмуш оор болуп, адамдар ачарчылыктан кыйналган. Замандын түйшүгү Барпы акынга да тийген. Согуш мезгилинде ачарчылык болгондуктан, Кыдырша айылындагы адамдар Барпы акынды үй, тамак-аш менен камсыздаптыр. Барпы акындын кызы Бурул Парпиева кат сабаттуу болгондуктан, Кыдырша айылындагы мектепте мугалим болуп иштептир. Барпы Алыкулов Кыдырша айылында 5-6 жыл жашап, кийин өзүнүн айылы Ачыга кеткен экен. Барпы Алыкулов Кыдырша айылындагы адамдар менен көзү өткөнгө чейин карым-катнашта болгон экен.

Кыдырша айылынын басымдуу бөлүгүн этникалык кыргыздар түзөт. Аталган айылдын айыл өкмөт башчысы Топчиев Жамалиддин менен маектешүү учурунда айылы тууралуу төмөндөгүдөй маалымат берди: «Айылыбызда Кыдырша уруулары басымдуулук кылгандыктан, Кыдырша деп аталып калган. 2024-жылдын 1-январына карата Кыдырша айылында жалпы 2100 адам катталган. Анын 1900ү этникалык кыргыздар, калганы өзбек жана башка улуттун өкүлдөрү. Өзбекстан мамлекетибиз тарабынан айылыбыздын жашоочулары үчүн бардык шарттар түзүлүп берилген. Жолдорубуз жаңыдан салынды. Мектеп жана айылдык медпункт капиталдык ремонттон өткөн».

Кыдырша айылынын тургуну Боронов Эргеш агай  төмөнкүлөрдү айтып берди: «Айылыбыздагы мектеп, совет мезгилинин алгачкы жылдарында ачылган. Ал убакта башталгыч класс эле. Ошол жаңыдан түзүлгөн мезгилде эле кыргыз мектеп болгон. Мектебибиз жаңы ачылганда мугалимдер жок болгондуктан, Кара-Балтадан Алымбек агай аялы менен келип балдарды окутушкан экен. Андан кийин айылыбыздан биринчилерден болуп, Жолдошов Айтаалы агай мектепте сабак берип баштады. Айтаалы агайдын да эмгеги чоң. Айылыбыз тууралуу айта кетсем, илгери биздин ата-бабаларыбыз Баткендин Оро-Төбө деген жеринен көчүп келишкен экен. Бул айылга Кыдырша уруулары көчүп келгендиктен айылыбыздын аталышы Кыдырша деп аталып калган. Менин уруум Кыдырша. Кыдырша уруусу өз ичинен беш топко бөлүнөт. Алар: балыкчы, кедей, бешкалтак, сүйүш жана курмушу болуп. Андан сырткары айылыбызда кыргыздын: төөлөс, тейит, кесек, канды, кыпчак, бостон уруулары жашайт».

Абдырасулов Түмөнбай агай Кыдырша айылындагы мектепте 40 жылга жакын орус тили мугалими болуп эмгектенген. Ал: «Мектеп жаңы ачылган кезде башталгыч класс болуп ачылган. Жаш өзгөчөлүгүнө, классына да карачу эмес. Бир бөлмөдө 1-4-класстын окуу-чулары окуй берет элек. Ошол учурда Кара-Балтадан Алымбек деген агай аялы менен келип бизди окуткан. Аялы да мугалим болчу», – деди.

Түмөнбай агайдан Барпы Алыкулов тууралуу да сурадык. Түмөнбай агай: «Мен ал кезде 6-7 жашта болсом керек. Чапан кийип алып, тойлордо, көчөдө бир киши ырдайт эле. Ал киши ырдаганда чоң кичүү дебей тыңшачу элек. Көрсө, ал киши төкмө акын Барпы Алыкулов экен».

Кыдырша айылында №6 орто мектепте бардык сабактар кыргыз тилинде окутулат. Өзбек тили да окутулат. Кыргыз тили жана адабияты мугалими Ашурова Гүлмира мектеп тууралуу төмөнкүлөргө токтолоду: «Бул мектепте 20 жылдан бери кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп эмгектенип келем. Мектебибиз кыргыз мектеп. Азыркы учурда 172 окуучу окуйт. Мектепте иштеген мугалимдердин саны – 20.  Мектебибизде окуу китептери толук жетиштүү. Окуучулардын окуу китептери Ташкенден кыргыз тилинде басылып келет. Жылдын башында окуу китептери окуучуларга бир жылга акысыз берилип, жылдын аягында окуучулардан китептерди чогултуп алабыз. Мектебибизде окуучулардын билим алуусуна бардык шарттар түзүлгөн. Жыл сайын 1-класска кабыл алынган окуучуларга атайын президенттин белеги берилет. Президенттин белегинде: сумка, биринчи класстын окуучуларына керектүү окуу куралдары менен берилет. Кыргыз тили жана адабият сабагынан «Ыр дүйнө – менин жан дүйнөм» аттуу адабий ийримибиз бар. Мектебибизде кыргыздын залкар акын-жазуучулары Ч.Айтматов, А.Осмонов жана өзбек жазуучуларынын кечелерин өткөрүп турабыз. «Манас» айтуу сынагын өткөрөбүз. Андан сырткары, Өзбекстандын ар бир даталуу күндөрүн белгилеп турабыз». 

Мектепте окуучулардын билим алуусуна бардык шарттар түзүлүп берилиптир. Мектеп 720 окуучуга ылайыкталып салыныптыр.

Өзбекстандын Ханабад шаарында 2009-жылдын май айында белгисиз адамдар тарабынан жардыруу болгон. Ал окуядан кийин коңшу өзбек мамлекети чек араларын тосуп, адамдар Кыргызстанга өтө албай калган. Ошол мезгилде Кыдырша айылынын тургундары турмуш шартына байланыштуу Кыргызстанга көчүп келе баштайт. Кыдырша айылынын тургундары Бишкек, Жалал-Абад шаарына, Сузак районуна көчүп келип, отурукташа баштайт. Кыргызстанга көчүп келген Кыдырша айылынын тургундары «Кыдырша коому» деген уюм түзүшөт. «Кыдырша коому» ырасмий түрдө катталбаса да, бир канча жакшы иштерди иш жүзүнө ишке ашырып келе жатат. «Кыдырша коомунун» түзүүчүлөрү Нарматов Ташболот жана Абдукаримов Максат. Экөөсү тең Кыдырша айылында туулган. Нарматов Ташболот Жалал-Абад мамлекеттик университетинде бир канча жыл окутуучу болуп иштеген. «Кыдырша коомунун» жетекчиси Нарматов Ташболот агай менен байланышып, аталган уюм тууралуу төмөндөгүдөй маалыматтарды алдык.

«Кыдырша коомунун» негизги максаты айылдаштардын ынтымагын бекемдөө жана жакшы-жаман күндөрдө бири бирибизди колдоо. Аз камсыз болгон 3 үй-бүлөнүн үйлөрүнүн капиталдык ремонтуна, 1 үйдүн курулушуна жардам бердик. Кыдырша айылында балдар аянтчасын курганга жардам бердик. Айылдагы мүрзөгө кеткен жолду, мүрзөгө керектелүүчү шаймандар, жуунучу жайларды куруп бердик. Андан сырткары Кыдырша айылына бир боз үй, Жалал-Абадга көчүп келген кыдыршалыктар үчүн эки боз үй алып бердик. Кыдырша айылында Улуу Ата Мекендик согушка катышкан ардагерлердин урматына эстелик тургуздук. Ошондой эле мечиттердин курулушуна, медреседе илим алып жаткан жаштарга жардам көрсөтүп келе жатабыз. «Кыдырша коомун» айылдаштар менен кеңешип 2021-жылдын 21-июлунда түздүк. Ошол күндөн бери жалпысынан 2,5 млн. сомдон ашык жардам көрсөтүлдү».

Ханабад шаарындагы экинчи кыргыз айыл Тейит айылы. Бул айыл Кыдырша айылына салыштырмалуу чоң айыл. Тейит айылы Кемпир-Абад суу сактагычынын этек жагында жайгашкан. Тейит айылынын айыл өкмөт башчысы Юлдашев Рахматтила менен болгон маекте  ал Тейит айылы тууралуу төмөндөгүдөй маалымат берди:

«Айылыбыздын Тейит деп аталып калышынын себеби, тейит уруулары көп болгондуктан Тейит деп аталып калган.

2024-жылдын 1-январына карата Тейит айылында 4118 адам катталган. Алардын 2268и этникалык кыргыз, калганы өзбек жана башка улуттун өкүлдөрү. Тейит уруусунан сырткары карабагыш, жору, найман, кытай уруулары жашайт. Мектепте үч тилде окутулат, өзбек, кыргыз жана орус тилинде. Мектепте окуучулардын билим алуусуна бардык шарттар
түзүлгөн».

Ханабад шаарындагы Кыдырша жана Тейит айылдарындагы этникалык кыргыздар өздөрүнүн тилин, маданиятын, үрп-адат, каада-салттарын унутпай бекем сактап келе жатышат. Анжиян облусундагы башка кыргыз айылдарына салыштырмалуу, Кыдырша жана Тейит айылдарындагы кыргыздар ааламдашуу доорунда кыргыз экенин унутпай, кыргыз рухун бекем сактап, урпактарга өткөрүп келет.

Өзбекстан мамлекети тарабынан кыргыз айылдары үчүн жакшы шарттар түзүлүп берилиптир. Кыдырша жана Тейит айылдарындагы адамдар менен маектешүү учурунда башка өзбек айылдарында жок шарттар, биздин айылда түзүлүп берилген деп, сыймыктанып айтышты!

Курманбек ХАЙДАРОВ, Бишкек шаарындагы №94 ЖОББ мектебинин тарых мугалими

Гезит

Рубрикалар

1 ПИКИР

  1. Гезиттин кызматкерлерине терең ыраазычылык билдирем.Мен да ушул гезитке маек кылган элем.Бул окуучубуз Хайдаров Курманбек мектептин алдыңкы отличник окуучуларынан эле.Иштерине ийгилик.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар