Башкы беткеМаанилүү"Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик" уңгужолуна арналган окуу курсу аяктады

«Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолуна арналган окуу курсу аяктады

Мамлекеттик кызматкерлер жана жарандык коомдун өкүлдөрү үчүн «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолуна арналган окуу курсу аяктады.

Курсту тарых илимдеринин доктору, профессор Сулайман Кайыпов, Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, академик Чолпонкул Арабаев, география илимдеринин доктору, профессор Темирбек Чодураев, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, «Мурас» фондунун төрагасы, профессор Кыяс Молдокасымов, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Топчугүл Шайдуллаева, тарых илимдеринин кандидаты, мамлекеттик жана коомдук ишмер Нурханбек Момуналиев, педагогика илимдеринин кандидаты, профессор Канат Жанузаков, Дин иштери боюнча изилдөө борборунун директору Шүкүр Шерматов, юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков өткөрүштү.

Окуу курсунун жыйынтыгы боюнча Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолуна арналган курсту аяктаган 46 мамлекеттик кызматкерге сертификаттарды тапшырды. Алар иштеген министрликтердин жана ведомстволордун кызматкерлерине «Уңгужол» программасынын мааниси жөнүндө айтып берип, анын өнүгүшүнө салым кошушат.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар