whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
15.11.2025
13.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүЭл аралык айтыш башталды

Эл аралык айтыш башталды

Кыргызстанда эл аралык айтыш башталып, ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Каракалпакстан жана Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу автономдук округунан төкмө акындар катышууда.

Айтыш – байыртан бери кыргыз элинин маданий мурасынын ажырагыс бөлүгү болуп келген улуу искусство. Акындар элдин ой-мүдөөсүн ыр менен жеткирип, сөз өнөрүнүн чеберчилигин көрсөтүшөт. Бул өнөр элдик руханий дөөлөттөрдүн бири катары ар дайым жогору бааланып келген.

Акыркы жылдары айтыш кыргыз менен казактын гана эмес, бүткүл түрк дүйнөсүнүн маданий мурасына айланып, 2015-жылы Кыргызстан жана Казакстандын атынан ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизилген.

Бул ирет айтышка коңшу мамлекеттерден акындардын келиши анын эл аралык деңгээлинин өсүп жатканын далилдеп турат. Иш-чаранын алкагында мыкты айтышчыларга сыйлыктар тапшырылып, жеңүүчүлөр “Алтын комуз” сыйлыгына татыктуу болот.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар