Башкы беткеРубрикаларАймактарГүлчө шаары комплекстүү өнүгөт

Гүлчө шаары комплекстүү өнүгөт

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-апрелде, Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Гүлчө шаарынын социалдык объектилерин куруу жана шаарды көрктөндүрүү долбоорлору менен таанышты.

Мамлекет башчысына шаардын ички жолдорун жана тротуарларын куруу иштери тууралуу маалымат берилди. Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев бул иштер үчүн өлкөнүн Турукташтыруу фондунан 340 млн сом каралганын айтты.

Долбоор шаардын негизги транспорттук артерияларын: Алымбек Датка көчөсүнүн 3,7 км жана Курманжан Датка көчөсүнүн 0,8 км бөлүктөрүн камтыйт. Жолдор төрт тилкеге чейин кеңейтилет, узундугу 9 км тротуар, ирригациялык арыктар жана заманбап жарыктандыруу системасы жасалат.

Шаарды комплекстүү өнүктүрүүнүн алкагында Садыр Жапаровго социалдык жана эс алуу инфраструктурасын жакшыртуу боюнча долбоорлор: 120 орундуу бала бакчанын имаратын куруу жана паркты капиталдык оңдоо иштери да көрсөтүлдү.

Андан соң Мамлекет башчысы №2 Тапык Отунчиев атындагы мектептин кошумча окуу корпусунун курулушу менен таанышты. Ал 275 окуучуга ылайыкталган. Курулуш иштерин ушул жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.

Объекттерди карап чыккан соң, Президент Садыр Жапаров бул долбоорлордун сапаттуу жана өз убагында ишке ашырылышы өлкө аймактарындагы жашоо сапатын жогорулатуунун негизги артыкчылыгы экенин баса белгиледи.

Гезит

Мукай Элебаев Күндөлүктөн чыккан үн

Убакыт сынаган өмүр жана доор     Быйыл кыргыз жазуучусу Мукай Элебаевдин туулганына 120 жыл толот. Бүгүн ал биз менен түз сүйлөшө албайт, бирок анын ой-пикирлери,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар