Башкы беткеСаясат жана коомКоомКыргызстан ШКУнун мүчөсү катары Индия менен Пакистанды жоопкерчиликке чакырды

Кыргызстан ШКУнун мүчөсү катары Индия менен Пакистанды жоопкерчиликке чакырды

Индия менен Пакистандын ортосундагы чыңалуунун күчөшүнө байланыштуу Кыргызстан чек арадагы куралдуу жаңжалдын башталгандыгына терең тынчсыздануусун билдирет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

«Достук мамиледеги өлкөлөр, Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) мүчөлөрү болгон Индия менен Пакистандын ортосундагы куралдуу кагылышуу аймактык жана глобалдык туруктуулукка коркунуч жаратат.

Кыргыз Республикасы тараптарды жогорку деңгээлдеги сабырдуулукту сактоого, куралдуу аракеттерден карманууга жана кырдаалды андан ары курчутуп жибериши мүмкүн болгон аракеттерден алыс болууга чакырат.

Ошондой эле маселени тынч жол менен чечүүгө багытталган диалогду калыбына келтирүүнүн маанилүүлүгүн билдирет. Биз эл аралык укуктун нормаларын жана талаштарды жөнгө салууга багытталган БУУнун резолюцияларын сактоонун маанисин баса белгилейбиз.

Кыргызстан ШКУнун мүчөсү катары уюмга мүчө Индия менен Пакистанды да жоопкерчиликке чакырып, ШКУнун уставында каралган талаштарды тынч жол менен жөнгө салуу принциптерине кайтууга үндөйт.

Кыргызстан эл аралык коомчулуктун чыңалууну басаңдатууга багытталган аракеттерин колдойт жана бул багытта диалогго эл аралык аянтчаларда көмөктөшүүгө даяр экендигин билдирет», — деп айтылат маалыматта.

Гезит

Эффект Ормузского пролива

Конфликт вокруг Ирана потрясает мировую экономику                   Ближний Восток играет ключевую роль в глобальной энергетической системе и международной...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар