Башкы беткеЖогорку КеңешКыргызстан менен Корея Республикасы парламенттик кызматташууну күчөтөт

Кыргызстан менен Корея Республикасы парламенттик кызматташууну күчөтөт

Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Ким Сок Гини кабыл алды.

Тараптар саясий-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо үчүн парламенттик дипломатияны өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Ошондой эле тармактык комитеттердин ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү маселеси талкууланды.

Жолугушууда Кыргызстан менен Корея акыркы жылдары ар тараптуу кызматташып келе жатканы айтылып, бул багыттагы алакаларды дагы тереңдетүү зарылдыгы баса белгиленди. Мындан тышкары, соода-экономикалык байланыштарды бекемдөө, экология жана климат маселелеринде тажрыйба алмашуу боюнча кызыгуу билдирилди.

Корея тарап парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүү иш сапардын негизги максаты экенин белгилеп, түз аба каттамы жана туризм тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү зарылдыгын кошумчалады.

Жолугушууга эки өлкөнүн парламент өкүлдөрү да катышты.

Гезит

Война и вода

Ахиллесова пята пустынных стран      Ближний Восток десятилетиями жил в парадигме «нефть в обмен на безопасность». Нефть и газ давали деньги, но именно опреснение дало...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар