whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
22.03.2025
18.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларАймактарБактыбек АЛЫМКУЛОВ: Кесиптик билим – жаркын келечек”

Бактыбек АЛЫМКУЛОВ: Кесиптик билим – жаркын келечек”

Талас агрардык экономикалык колледжинин директору, биология илимдеринин кандидаты, ага илимий кызматкер, Россия табият таануу академиясынын профессору, билим берүүнүн отличниги, КР Улуттук илимдер академиясынын химия жана фитотехнологиялар институтунун докторанты Бактыбек Алымкулов окуу жайдын ишмердүүлүгү тууралуу ой бөлүшөт.

– Бактыбек мырза, Талас агрардык экономикалык колледжи түзүлгөн мезгилден бери 34 жылдын жүзү болуптур. Рынок заманында кесиптик билим берүү зарылчылыгы артып жатабы?

– Кесиптик билим берүүгө өзгөчө көңүл буруу зарылчылыгын шарт далилдеп отурат. Кесипкөй адис коомубузду алга сүрөгөн дем күч болоорун  түшүнө баштадык окшойт. 1991-жылы түзүлгөн Талас агрардык экономикалык колледжи өз ишмердүүлүгүн ушул багытта жүргүзүп келет. Колледжибиздин миссиясын замандын талаптарына жараша  “Компетенттүү атаандаштыкка жөндөмдүү инсандык сапаттары калыптанган адисти даярдоо”  деп кабыл алганбыз. Колледждин жалпы жамаатынын ишинин негизи ушул миссиянын аткарылышына  багытталат. Ал тууралуу студенттерибизге, алардын ата-энелерине, социалдык өнөктөштөрүбүзгө кеңири маалым. Жалпы коомчулугубузга дагы мезгил мезгили менен баяндап турабыз.

Мыкты адистерди даярдоодо окуучуларыбыздын педагогикалык потенциалын жогорулатуу зарыл экендиги шексиз. Ушуга байланыштуу биздин атайы кесиптик сабактардын 14 окутуучусу 900 сааттык кошумча педагогикалык кайра даярдоо курсунан өтүштү. “Айыл чарбасын электрлештирүү жана автоматташтыруу” адистигинин 4 окутуучусу И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде өз адистиктери боюнча квалификацияларын жогорулатууга жетишишти.

“Ишкерчиликтин негиздери” сабагы боюнча 1 окутуучубуз Республикалык илимий методикалык борбордо, 13 окутуучубуз Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган “Секторду өнүктүрүү прграммасы: инклюзивдик өсүү үчүн  көндүмдөр” долбоорунун  тренингдеринде, 4 окутуучубуз облустук методикалык борбордун курстарында, 2 окутуучу “Кыргыз Республикасындагы интеллектуалдык менчикти патенттөө” курсунда, 4 окутуучу И.Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинде “Билим берүүдөгү STEM технологиялардын орду” программасы боюнча 72 сааттык курстар да квалификацияларын жогорулатышып, тиешелүү сертификаттарга ээ болушту.

Окутуучуларыбыздын кесиптик потенциалын өнүктүрүү максатында иш берүүчү ишкана, уюм мекемелерде стажировкадан өтүп туруу жагына өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Иш берүүчүлөр менен тегерек үстөлдөр жолугушуулар уюштурулуп окуу пландарына окуу программаларына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизип туруу салтка айланган.

– Окуу жайыңыздардын имараты жамаатыңыздардын күч-аракети менен бүткөрүлгөнүн коомчулук жакшы билет. Соңку иштерге токтолсоңуз?

– КР Билим берүү министрлигинин Азия өнүктүрүү банкынын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнүн “Секторду өнүктүрүү программасы инклюзивдик бал берүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун колдоосу менен биздин окуу корпусубузда капиталдык ремонт иштери жүргүзүлдү. Имараттын чатыры жаңыдан жабылды, ичи сырты жылууланып шыбалды, жылытуу системасы жакшыртылды, санитардык түйүндөр орнотулду, кафель төшөлдү, армстронг керме шыптары тагылды, жаңы насостор орнотулду” жарык берүү системасы жакшыртылды, жаңы насостор орнотулду, жарык берүү системасы жакшыртылды, имараттын кире бериши алюминий терезе эшиктери менен жылууланып, 70м2 жерге брусчатка төшөлдү. Атайы конференц залы уюштурулду. Натыйжада окуу жайдын китепканасы, аудиториялары, жыйындар залы, лабораториялары  жаңыланып жалпы жамаатыбыз кубанычка бөлөнүп, билим берүү жана илим алуу шарты жакшырды.

Аталган долбоордун алкагында ветеринария адистигинин лабораториясына жабдуулар, компьютердик класс комплектиси, интерактивдүү панелдер жана окуу эмеректери берилди. Жогоруда аталгандардын бардыгы окуу тарбия процессинин материалдык техникалык жактан камсыздалышынын  жакшыргандыгынын күбөсү.

Санариптешүү боюнча окуу жай билим берүү министрлигинин маалыматтык башкаруу  системасына кошулган. Окуу процесси “EbiIim” автоматташтырылган системасы менен башкарылат. “Е-кызмат” жана infodocs системалары ишке киргизилген. Жасалма интеллект менен иштөөнү өздөштүрүп жатабыз.

Эмгек рыногун талдоонун негизинде 2024-2025-окуу жылында “автоматташтырылган системаларды жана эсептөө  техникаларын программалык камсыздоо” адистиги боюнча лицензия алынып окутууну баштадык.

– Окуу жай түптөлгөн учурдан бери канча адистерди даярдадыңыздар? Окуу жайды бүтүрүүчүлөр ортосундагы муундар аралык байланышы бар экендиги маалым?

– Биздин окуу жай уюшулгандан бери 5 миңге жакын адам бүтүрүп чыкты. Алардын 280ни артыкчылык дипломдоруна ээ болушту. Тери жана мех буюмдарын өндүрүү адистигинин 1997-жылдагы бүтүрүүчүсү Н.К. Султанкулов баштаган бүтүрүүчүлөрүбүздүн демилгеси менен “Талас агрардык экономикалык колледжинин бүтүрүүчүлөрүнүн ассоциациясы” коомдук уюму түзүлүп, ишин баштагандыгын айта кетели. Бул коомдук уюмдун максаты окуу жайыбыздын бүтүрүүчүлөрүнүн ортосундагы муундар аралык байланышты чыңдоо, мектеп окуучуларын кесипке багыттоо жана жаш адистерди даярдоону жакшыртуу боюнча окуу жайга жардам көрсөтүү иштерин алып барышмакчы.

– Теорияны практика менен айкалыштыруу кандай деңгээлде?

– Ушул окуу жылында биздин педагогикалык жамаат Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык ар бир адистик боюнча кесиптик  стандарттарын, компетенттүүлүктүн негизинде окутуунун модулдарын жана алардын усулдук  комплекстерин жана жумуш орундарында окутуунун программаларын  иштеп чыгып жүзөгө ашыруу үстүндө эмгектенип жатышат.

Иш берүүчүлөр менен тиешелүү келишимдер түзүлдү. Жумуш ордунда окутуу заманбап адистерди даярдоонун көңүл чордонунда турат. Дуалдык сабак, сабак экскурсия, конок лекциялары, бинардык сабактар өтүлүп, аларга биздин иш берүүчүлөрүбүз, социалдык өнөктөштөрүбүз кеңири тартылып жатат. Практикага чыккан студенттерибиз “Мен практикадамын” аталышындагы портофолио даярдап башташты.

Педагогикалык жамаатыбыздын жигердүү эмгегинин натыйжасында апрель айында “Билим берүү уюмдарын жана программаларын аккредитациялоо” агенттиги тарабынан көз карандысыз аккредитациялоодон ийгиликтүү өттүк.

– Коомдук иштерде да окуу жай активдүү катышып жүргөнү маалым?

– Окуу жайыбыздын окуучулары менен студенттери коомдук иштерге активдүү катышып келишет. Талас шаарынын жана облусунун түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгына карата мекенчилдик сезимди жайылтуу кыргыз тилин даңазалоо жаш муундарды достукка жана биримдикке тарбиялоо максатында жарыяланган ыр конкурсунун жеңүүчүсү деп кесиптешибиз Н.А.Кудакеева табылып, Талас шаарынын мэриясынын Ардак грамотасына ээ болду. “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине 100 жыл” аталышындагы республикалык илимий практикалык конференцияга окутуучубуз М.Б.Мамбетова  “Талас облусундагы чакан жана орто бизнес” деген  темада доклад окуп ыраазычылык катка ээ болду.

“Экономика жана бухгалтердик эсеп” адис-тигинин 3-курсунун студенти Н.З.Залкаров “Кыргыз Республикасынын” прокуратурасына 100 жыл тарых жана азыркы учур сынагында “Мыкты баян” номинациясында 2-орунду ээлеп грамота жана планшет менен сыйланды.

“Кылымдан кылымга жашаган кыргыз тили” шаарыбыздын орто кесиптик окуу жайларынын ортосундагы кароо сынакта биринчиликти жеңип алдык.

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Талас облусунун 80 жылдык мааракесине арналган иш чараларга активдүү катышкандыгыбыз үчүн КР президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ыраазычылык катына ээ болдук.

Талас агрардык экономикалык колледжинин жалпы жамааты өлкөбүздүн өсүп өнүгүшү үчүн талыкпай эмгектене беришмекчи.

Козубек ИМАНКУЛОВ, “Кыргыз Туусу”

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар