Башкы беткеМаанилүүКыргызстандыктарды убактылуу Иран өлкөсүнө барбоо сунушталды

Кыргызстандыктарды убактылуу Иран өлкөсүнө барбоо сунушталды

Иранда өкмөткө каршы нааразычылык акциялары уланып жатат. Буга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жарандарды бул өлкөгө убактылуу баруудан баш тартууга чакырды.

ТИМдин маалыматына ылайык, Ирандын Тышкы иштер министрлигинин расмий билдирүүсүндө нааразычылык акциялары учурунда Кыргызстандын жарандары жабыркагандардын арасында жок экени айтылат.

Ошол эле учурда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги шашылыш же аргасыз кызматтык зарылчылык болбосо, кыргызстандыктарга Иранга баруудан убактылуу карманууну сунуштайт.

Учурда Иран аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандарына төмөнкү коопсуздук чараларын сактоо сунушталат:

  • сактык жана этияттык деңгээлин жогорулатуу;
  • эл көп чогулган жерлерден, демонстрациялардан жана нааразычылык акцияларынан алыс болуу;
  • жергиликтүү бийликтин жана укук коргоо органдарынын талаптарын так аткаруу;
  • өздүгүн тастыктаган документтерди жана Кыргызстандын элчилигинин байланыш маалыматтарын дайыма жаныңызда алып жүрүү;
  • жергиликтүү бийликтин жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн расмий билдирүүлөрүнө байма-бай көз салуу.

Министрлик кырдаалдын өнүгүшүн тыкыр көзөмөлдөп, жарандарды бардык өзгөрүүлөр тууралуу ыкчам маалымдап турарын билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда Тегерандагы Кыргыз Республикасынын элчилигине кайрылуу сунушталат.

Ишеним телефондору: +989 352 505 226, +989 352 505 229

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар