whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
17.06.2025
35.5 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларАймактарНарын шаарынын жолдору оңдолууда

Нарын шаарынын жолдору оңдолууда

Нарын шаарында ички көчөлөрдү оңдоо жана кеңейтүү иштери жүрүүдө. Шаардагы Ж.Шералиев көчөсүнүн туурасы 8 метрден 10,5 метрге чейин кеңейтилүүдө. Бул иштер “Бета Групп” ЖЧКсы тарабынан аткарылууда.

Президенттин Нарын облусундагы толук жана ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары А.Сапаров жол курулушун көрүп чыгып, жолдун сапатына жана иштин өз учурунда жүрүшүнө өзгөчө көңүл бу-рууну тапшырды.

Шаардын негизги Ленин көчөсү (9,5 км) 4 тилке болуп кеңейтилет жана туурасы 14 метрге чейин жетет. Жолдун эки тарабында 2,25 метрлик тротуар, суу кетчү лотоктор каралган. Мындан тышкары, жол белгилерин орнотуу, түнкү жарыктандыруу иштери да аткарылат. Учурда жалпы эки көчөнүн оңдоо иштерине “Бета Групп” ЖЧКсы тарабынан 66 адам жана 31 техника тартылган.

Нарын облустук Жол чарба департаментинин башкы адиси Нурбек Кубанычбек уулу жол жакшы тапталып, стандарттарга ылайык бүткөрүлүшү керектигин белгиледи. Анын маалыматына ылайык, Ж.Шералиев, Ленин көчөлөрүнөн тышкары, быйыл жалпы узундугу 13 км түзгөн 39 ички көчөлөр асфальтталат.

Айнура ДҮЙШӨК кызы,
Нарын шаары

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар