Башкы беткеСаясат жана коомКоомМамлекеттик ипотекага эми "Түндүк" аркылуу кезекке турса болот

Мамлекеттик ипотекага эми «Түндүк» аркылуу кезекке турса болот

Мамлекеттик ипотекага эми «Түндүк» тиркемеси аркылуу онлайн-кезекке турса болот. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.

Ал онлайн-кезек президент Садыр Жапаровдун санариптештирүү боюнча тапшырмасын аткаруунун негизинде ишке ашканын белгиледи.

«Мурда жарандар документтерди чогултуп, кол менен толтуруп, көп убакыт коротушчу. Эми болсо баары кыйла жеңилдеди, болгону 2-3 мүнөт ичинде керектүү маалымат автоматтык түрдө толтурулат. Жадагалса жубайынын макулдугун да тиркеме аркылуу ыңгайлуу жана мыйзамдуу жол менен берүүгө мүмкүнчүлүк бар. Бул — жарандар үчүн шарттарды жеңилдетүүгө багытталган дагы бир практикалык кадам. Президенттин тапшырмалары ырааттуу аткарылып, мамлекеттик кызматтар элге барган сайын жеткиликтүү болууда», – деп жазды Туманбаев.

Эске салсак, «Түндүк» тиркемеси аркылуу буга чейин да ID-карта алуу, ЖААК күбөлүктөрүн кайра чыгартуу жана башка кызматтар жеткиликтүү болгон.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар