Монголия Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга чакырылды

Бүгүн, 2-апрелде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Монголиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Содном Ганхуяг менен жолугушту. Жолугушуу элчинин Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкө ортосундагы кызматташуунун актуалдуу багыттарын талкуулап, мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту. Тактап айтканда, Садыр Жапаров 2023-жылы Монголияга жасаган мамлекеттик сапарынын жана Ухнаагийн Хурэлсух 2025-жылы Кыргызстанга болгон сапарынын жыйынтыктары каралды.

Тараптар биргелешкен өнөр жай долбоорлорун илгерилетүү маселелерине да токтолушту. Анын ичинде «Касиет» камвол-ийрүү фабрикасын ишке киргизүү боюнча практикалык кадамдар талкууланды.

Ошондой эле монгол делегациясы 2026-жылы Кыргызстанда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга чакырылды. Бул иш-чарада Монголиянын көчмөн маданиятын сактоодогу жана жайылтуудагы ролу өзгөчө белгиленди.

Аймактык кызматташтык алкагында Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) боюнча өз ара аракеттенүү маселелери да каралды.

Жолугушуунун жыйынтыгында министр Жээнбек Кулубаев элчи Содном Ганхуягдын кыргыз-моңгол мамилелерин чыңдоого кошкон салымын жогору баалап, аны Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйлады.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз