Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыЛуврдагы экспонаттарды уурдоого шектүүлөр кармалды

Луврдагы экспонаттарды уурдоого шектүүлөр кармалды

Француз полициясы “Аполлон” галереясындагы кымбат баалуу экспонаттарды уурдагандардын экөөсүн кармады. Чуу жараткан ууруулукка тиешеси бар деген эки шектүү адам Алжирге уча турган болгондо колго түштү. Франциянын Ички иштер министри Лоран Нуньес полицияны ийгилиги менен куттуктады. Кылмышка тиешеси бар калгандар издөөдө. Алардын кимдер экени да белгисиз. Полиция шектүүлөрдүн телефон аркылуу каттарын тапканын, музейдин кызматкерлеринин тиешеси бар болушу ыктымалдыгын билдирди.

Париж прокуратурасынын маалыматына ылайык, уурдалган буюмдардын баасы 88 миллион евродон ашык. Албетте, экспонаттардын Франция үчүн тарыхый куну кымбат. Дагы карактоодон сактанганыбы, айтор Луврдын администрациясы өткөн ишембиде айрым экспонаттарын Франциянын улуттук банкынын 27 метр тереңдиктеги кампасына жашырганы белгилүү болду.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар