whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
15.11.2025
13.1 C
Бишкек
Башкы беткеАналитикаЖапон тарыхында биринчи айым премьер-министрди күткөн сыноолор

Жапон тарыхында биринчи айым премьер-министрди күткөн сыноолор

Жапонияда башкаруучу партия шайлоодо жеңилип, өкмөттүк коалиция кыйраган соң, Сигэру Исибунун кабинети кызматынан кеткен эле. Саясий олку-солку абал жөнгө салынгандай болду. Жапон парламенти Санаэ Такаити айымды премьер-министр кылып шайлады. Либерал-демократтар партиясынын лидерлигин утуп алган бул айымдын премьер-министрликке талапкерлигин 465 депутаттын 237си колдоду. Жапон императору Нарухито императордук сарайда салтанаттуу кырдаалда Санаэ Такаити айымды премьер-министр кылып дайындады. Боосу бекем болсун. Биз премьер-министр Санаэ Такаити айымдын ишине ийгилик каалайбыз.

Абсолюттук мандатка ээ эмес болгондуктан, ЛДП дароо өкмөттүк коалиция түзүүгө киришти. Өнөктөшү – Инновациялар партиясы. Ошентип Жапон тарыхындагы биринчи премьер-министр айым кабинет түзүүгө киришти. Консерваторлордун оңчулдар менен коалициясы парламентте жетиштүү таасирге али жетишсиз. Демек, дагы башка оппозиция-чыл топтор менен ымала түзүүгө жана алардын санаалаштарын жаңы өкмөткө аралаштырууга муктаждык дале бар. Ал ортодо алчы-таасын жеген аналитиктер Такаитинин өкмөтү үчүн туруктуулук башкы проблема бойдон калды деп эсептешет. Бул жагдайды Такаити өзү деле жакшы түшүнөт. Ал Осаканын губернатору, Инновациялар партиясынын лидери Хирофуми Ёсимур менен коалициялык келишим түзүү аземинде “саясий туруктуулук башкы маселе, ансыз күчтүү экономика жана жигердүү дипломатия тууралуу кеп кылууга болбой турганын”белгиледи.

Жаңы премьер Жапон тарыхында өкмөттү жетектеген биринчи айым. Албетте, Азияда да, Европада да аял лидерлер арбын болбосо да аз эмес. 1960-жылы Шри-Ланкада Сиримаво Бандаранаике өкмөт башына келген. Ал Азияда гана эмес, дүйнөдө премьер-министр болгон жана үч ирет өкмөттү жетектеген биринчи айым. Анын кызы Чандрика Бандаранаике Кумаратунге 1994-2000-жылдары өлкөнүн президенти болгон. Пакистанда Беназир Бхутто, Индира Ганди Индияда, Таиландда Йинглак Чинават премьер-министр болгон. Түштүк Кореяда президент айымдар бар, маселен Пак Кын Хе. Корасон Акино Азиядагы биринчи президент айым. Ал Филиппинди башкарып турган 1986-1992-жылдары Филиппин аралдарынан АКШнын аскер базасын чыгарууга жетишкен. Демократиянын тиреги эсептелген Америкада аял киши президент боло элек. Ал эми Борбордук Азияда биринчи жана азырынча жалгыз президент айым – Роза Отунбаева. Европада премьер-министр айымдар сейрек көрүнүш эмес. Алардын бир тобу даңазалуу айым жетекчилер. Ал эми Улуу Британиянын айтылуу баш министри Маргарет Тэтчер Жапониянын эмки премьери сыйлаган саясатчы. Кечээ эле Кэтрин Коннолли айым Ирландиянын президенти болуп шайланды.

Такаичи Нара перфектурасында 1961-жылы төрөлгөн. Атасы мамлекеттик кызматкер болсо, апасы полицияда иштеген. Бир убактарда ал хэви-метал топто барабанчы болгон. Саясат менен музыка бири биринен алыс эмес. Экөө тең чыгармачылыкты талап кылган өнөр, калың элдин көз алдындагы иш. Такаичи жапон элинин тарыхында өкмөттү жетектеген биринчи айым. Бирок музыкадан саясатка келген же экөөнү айкалыштырган жалгыз саясатчы эмес. Музыка менен шугулданган лидерлер аз эмес. АКШ президенти Гарри Трумэн (1945-1953-жылдар) аз жерден профессионал пианист боло жаздаган, Британ премьери Эдвард Хит (1970-1974-жылдары) Оксфорд университетинин хорунда ырдап, фортепианодо мыкты ойноп, ал тургай Лондон симфониялык оркестринде дирижерлук кылган. Германиянын 1974-1982-жылдардагы канцлери Гельмут Шмидт Моцарттын концерттерин келиштире ойногон пианист катары белгилүү. Президент Билл Клинтон саксофондо ойноп, 1992-жылы жеке концертин берген. 1970-жылдардагы Ugly Rumours рок-тобун ал кездеги ырчы жана гитарист Тони Блэр жетектегени белгилүү. Саясатка аралашкан соң Такаичи барабан ойноодон калган дешет, бирок ал 2016-жылы X Japan тобунун популярдуу «Rusty Nail» мыкты ырдаганы элдин эсинде экен.

Такаити айымдын саясий жылдызы 1980-жылдары жана баштаган. АКШ менен Жапониянын соода-сатык мамилеси абдан начарлап кеткен кезде ультраконсервативдик жана улутчулдук позициясы менен көзгө көрүнгөн андагы жаш саясатчы он ирет парламентке депутат болуп шайланып, бир гана жолу жеңилүү ызасын тарткан. Бейиши болгур Синдзо Абэ өкмөттү жетектеп турганында Такаити аткаруу бийлигинде да ар кандай министрликтерди башкарып келди. Маселен, ал экономикалык коопсуздук министри, соода жана индустрия министри жана эң узак убакыт ал ички иштер жана коммуникация министри болуп эмгектенген.Өкмөткө келээри менен “темир айым” атка конгон Такаичини азыр көптөгөн кыйынчылыктар күтүп турат. Мисалы, солгундаган экономика, ээ-жаа бербеген инфляция менен жарыбаган маянадан жабыркаган үй-бүлөлөр жана ошондой эле өлкөдө төрөттүн деңгээли кыскарып, геосаясий кырдаал чыңалып турган чагы. Насили консерватор Санаэ Такаити императордук такка эркек мураскерлер отурушу керек деген позицияда. Ал гендерлик теңчиликке да ашкере умтулбайт, ал тургай үй-бүлө аял менен эркекти жуп жараткан дүнүйө деген традициялык көз карашты бекем тутат. Ал улуттук экономикага болгон аракетин жумшайт дешет талдоочулар. Ал өлкөнүн коргонуу күчтөрүн чектеген конституциялык эрежелерди бошоңдотууга буга чейин чакырып келген. Эми премьер катары Жапониянын пацифисттик конституциясын кайра карап чыгуу ниетин жашырбайт. Премьердин тарапташтары 1947-жылдагы Конституциядагы Жапония милитаризмден баш тартат деген жобо өзүн коргоого кедергисин тийгизүүдө деген ишеничте. Айтмакчы, Такаити айым Жапониянын согушта курман болгон жоокерлери эскерилип турган Ясукуни мазарына такай барып турарын да көз жаздымында калтырышкан жок.

Такаити айым парламентте программасын жарыялады. “Эл аралык тартип ачык, эркин жана туруктуу болушу керек” деген премьер-министр Жапонияга аймакташ Россия, Кытай менен Түндүк Кореянын улам күчөгөн аскерий дымагы кооптондурат, демек Токио куралдуу күчтөрүн чыңдоого тийиш” деп эсептейт. Санаэ Такаити 2026-жылдын аягына чейин улуттук коопсуздуктун жаңы стратегиясы даяр болоорун, коргоого жумшала турган чыгымдар ички дүң продукттун 1 пайызынан 2%га көтөрүү зарылдыгын жарыялады. Жаңы премьер жапон армия-сын бекемдөөгө умтулуусу парламентте колдоо табабы деп күмөн санагандар да аз эмес. Жапон премьерин иммиграция маселеси да кыйнайт. Себеби, Жапонияда жумушчу күчүнүн жетишсиздиги жылдан жылга өсүүдө. Ошол эле учурда калкынын дээрлик 97 пайызы жапондордон турган бул өлкө келгиндерди жактыра бербейт. Коомдук пикир менен экономикалык муктаждыктын ортосунда баланс табуу оңой түйшүк эмес.

Ал азыр мамилеси татаал Россия менен тынчтык келишимин түзүп, “түндүк аймактарынын маселесин биротоло чечүүгө” ниети бекем экенин билдирди. Токио талаштуу аймактарды Жапониянын “түндүк аймактары” деп эсептейт. Курил жарым аралынын түштүк бөлүгү жана Итуруп, Кунашир, Шикотан, ошондой эле майда аралдар тобу эки өлкөнүн ортосундагы тээ Экинчи дүйнөлүк согуштан бери келе жаткан талаштын предмети. Кремль Жапон лидеринин бул умтулуусун кубаттады, бирок мамилелердин соңку кезде начарлап кетишине Токиону айыптады. Президент Путиндин пресс-катчысы Дмитирий Песков “Тынчтык келишимине биз да макулбуз, бирок Жапония Россияга каршы санкцияларды колдоп, бизге каршы саясат жүргүзүп келет” деп жооп кайтарды.

Премьер айымды алгачкы айларда абдан көп жана татаал иштер күтүп турат. Премьер Синдзо Абэнин шакирти Такаити Токио менен Вашингтондун ортосундагы кийинки кезде улам тереңдеп бараткан олку-солку мамилени да ыкчам жөнгө салууга тийиш. Анын депутат кезиндеги «Жапония өзүн коргой албаса, анын тагдыры АКШнын үстүрт пикиринен көз каранды болуп кала берет» – деген сөзүн премьер болуп шайланганда кайра эстешти. Чечкиндүүлүгүн көрсөттү, себеби, мурдагы өкмөттүн тушунда жетишилген тарифтик келишимдерди Дональд Трамп менен сүйлөшүп, мунаса табуу милдетин аткарууга эрки жетээрин билдирди. Билдиргени ушу, жапон премьери президент Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшүп, эки мамлекеттин ортосундагы мамилелерди жаңы деңгээлге чыгаруу тууралуу макулдашышты. Дональд Трамп эмки жумада Токиого расмий сапар менен келмекчи. Бул визит жаңы премьердин дипломатиялык чеберчилигине сынак болмокчу. Баш министр Такаити Жапония АКШ үчүн Инд-Тынч океан аймагында эң негизги өнөктөш, ал эми АКШ Токионун тышкы саясатында стратегиялык багыт экенин жарыялады. Жапония туш болгон регионалдык проблемалар арбын. Ири жана регионалдык саммиттерде Жапон кызыкчылыктарын батыл коргоо озуйпасы да турат. Маселен, ал дароо эле Түштүк Чыгыш Азия мамлекеттеринин Ассоциациясынын Малайзияда өтүп жаткан саммитине катышууга жол тартты.

Кыргызстан менен Жапониянын мамилеси өз ара урматтоого жана көп жагынан шайкеш кызыкчылыктарга негизделип, туруктуу жана прагматикалык мүнөзгө ээ. Жапония Кыргызстандын тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыттардын бири. Бишкек менен Токио өз ара кызматташтыкты бекемдөөгө бирдей кызыкдар. Кыргыз лидери Садыр Жапаров Санаэ Такаити айымды Жапониянын премьер-министри кызматына шайланышы менен куттуктап, эки мамлекеттин мамилеси ийгиликтүү өнүгөт деп ишеним артты. Ал “Кыргыз Республикасы Жапония менен достукту жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө өзгөчө маани берет. Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы өз ара аракеттенүү бекемделип жатканын, айрыкча «Борбордук Азия + Япония» форматындагы кызматташуунун натыйжалуу механизмдерин өзгөчө белгилейм” – деп билдирди.

Ошентип, жаңы шайланган Жапон премьер-министри Санаэ Такаити айым ким, андан эмнени күтүүгө болот деген суроолор дүйнөнүн көңүлүн буруп турат. Бул түшүнүктүү көрүнүш. Дүйнөлүк экономикада чоң роль ойногон, технологиялык гигант, кубаттуу мамлекеттин жана бай маданияты бар байыркы өлкөнүн лидери аттын башын кайда бурат, эл аралык аренада кандай позицияны кармайт деген маселе мыйзам
ченемдүү.

Сыргак ЭСЕНБЕК

 

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар