ЖАЛАЛ-АБАД, 27-октябрь. Кара-Көл ГЭСинин расмий ачылыш аземинде президент Садыр Жапаров Кыргызстан 2,5 жылдын ичинде кышкы мезгилде электр энергиясы менен өзүн-өзү толук камсыздай турганын билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов маалымдады.
Президент белгилегендей, ГЭСтин ишке кириши — өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуудагы жана улуттук экономиканы өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам.
«Эсиңиздерде болсо, 2023-жылы Энергетика министрлиги инвестициялык макулдашууну сунуштап, Министрлер кабинети жактырган. Натыйжада ошол эле жылдын сентябрь айында ГЭСтин курулушу башталып, бүгүн биз анын ийгиликтүү аяктаганын көрүп турабыз. Бул биздин адистердин жана куруучулардын эмгегинин жыйынтыгы», — деди Садыр Жапаров.
Мамлекет башчы кошумчалагандай, долбоор толугу менен ата мекендик “Жагалмай” ЖЧКсы тарабынан ишке ашырылган. Макулдашууга ылайык, компания ГЭСти 15 жыл иштетип, андан соң толугу менен мамлекеттин менчигине өткөрүп берет.
«Бул мамлекет менен жеке сектордун ортосундагы ишенимдүү өнөктөштүктүн үлгүсү. Энергетика тармагы Кыргызстан үчүн артыкчылык берилген келечектүү тармак. Мамлекет ар бир инвесторго ишенимдүү өнөктөш болуп, жоопкерчиликтүү колдоо көрсөтүүгө даяр», — деди президент.
Жапаров ошондой эле бул долбоор улуттук кадрлардын кесипкөйлүгүн арттырып, энергетика тармагында ата мекендик тажрыйбанын калыптанышына өбөлгө болгонун белгиледи.

