Башкы беткеМаанилүүЖалал-Абадда Кыргызстан менен Өзбекстандын спортчулары машыгууларды өткөрүүдө

Жалал-Абадда Кыргызстан менен Өзбекстандын спортчулары машыгууларды өткөрүүдө

Жалал-Абад шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын спортчулары биргелешкен машыгууларды өткөрүп жатышат. Бул тууралуу  Спорт жана дене тарбия боюнча мамлекеттик агенттиги билдирүү таратты.

Машыгуулар эки өлкөнүн спортчуларынын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо, тажрыйба алмашуу жана жакында боло турган эл аралык мелдештерге даярдыгын күчөтүү максатында уюштурулууда.

Машыгууларга ар кайсы спорт түрлөрү боюнча мыкты атлеттер катышууда, алардын арасында күрөш, жеңил атлетика, бокс жана башка олимпиадалык спорт түрлөрү боюнча спортчулар бар.

Бухара шаарынан 22 спортчу машыктыруучулары менен келишкен.

Ага грек-рим күрөшү боюнча Азия жана дүйнө өлкөлөрүндөгү мелдештерге жолдомо алган КРнын эки олимпиадалык резерв мектебинен 70ке жакын окуучулар катышууда. Окуу-машыгуу жыйыны 10-15 күнгө созулат.

Мындан тышкары облус жетекчилиги чет элдик спортчулар менен жолугушту.

 

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар