whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
22.01.2026
-9.9 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүДанияр Амангельдиев Өзбекстандын Премьер-министринин орун басары менен жолукту

Данияр Амангельдиев Өзбекстандын Премьер-министринин орун басары менен жолукту

 Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев Астана шаарынада Өзбекстандын Премьер-министринин орун басары Жамшид Ходжаев менен жолугушту.

Данияр Амангельдиев азыркы учурда кыргыз-өзбек мамилелери эки мамлекеттин боордош элдеринин түпкү жана узак мөөнөттүү кызыкчылыктарына толук жооп берерин белгиледи, буга биринчи кезекте мамлекет, өкмөт жана парламент башчыларынын деңгээлиндеги келечектүү жана тарыхый өз ара сапарлар түрткү берди. Ошону менен бирге Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекет башчыларынын тапшырмасы боюнча өз ара сооданы көбөйтүү жана анын көлөмүн эки миллиард АКШ долларына жеткирүү боюнча аракеттерди активдештирүүгө даярдыгын баса белгиледи.

Өз кезегинде Жамшид Ходжаев эки мамлекет ортосундагы түзүлгөн эки тараптуу мамилелердин жогорку деңгээлин канааттануу менен айтып өттү.

Тараптар үстүбүздөгү жылга пландаштырылган эки тараптуу иш-чаралар боюнча да пикир алмашты.

 

Гезит

Эмгек, аракет – ийгиликтин ачкычы

Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат эмеспи. Ар иштин көзүн таба билген Нурсултан Муратов бут кийим тигүүгө мындан он жыл мурун кызыгып калат. Азыр келечекте...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар