Бишкекте мамлекеттик органдарга 10 электромобиль тапшырылды

0
3525

Бишкекте мамлекеттик органдарга 10 даана Hyundai IONIQ 5 үлгүсүндөгү электромобиль тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, унааларды жеткирүү экологиялык таза транспортту өнүктүрүү алкагында кореялык тарап тарабынан каржыланган. Электромобилдер «Мамлекеттик кызматтардын автопаркын электромобилдерге өткөрүү» долбоорунун негизинде берилди. Долбоор министрлик тарабынан Корей эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) менен биргеликте ишке ашырылууда.

Бул демилге мамлекеттик сектордо «жашыл» мобилдүүлүк принциптерин жайылтууга багытталган.

Церемония кызматташуунун алгачкы этабы болуп саналат. Мындан ары долбоор төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • «Кыргыз почтасы» ААКнын автопаркын модернизациялоо жана кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу;
  • мамлекеттик органдар үчүн электромобилдерди тейлөө максатында атайын кубаттоо инфраструктурасын түзүү.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз