Башкы беткеМаанилүүКыргызстандын бардык курулуш объектилеринде “Бирдиктүү паспорт” киргизилет

Кыргызстандын бардык курулуш объектилеринде “Бирдиктүү паспорт” киргизилет

Кыргызстандын Курулуш, архитектура, турак-жай жана коммуналдык чарба министрлиги өлкө боюнча бардык курулуш объектилери үчүн милдеттүү “Бирдиктүү паспорт” киргизүү чечимин кабыл алды.

Мекеменин маалыматына ылайык, буга чейин ар бир объект өз алдынча үлгүдөгү документтерди илип келген болсо, эми бардык курулуштарда бирдей форматтагы, ачык жана түшүнүктүү маалымат камтылган паспорт болушу шарт.

Бул документ аркылуу жарандар курулуштун мыйзамдуулугу, подрядчы компания, уруксат документтери жана иштин мөөнөттөрү тууралуу толук маалымат ала алышат. Ошондой эле QR-код аркылуу объектке байланыштуу кошумча расмий маалыматты онлайн түрүндө көрүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

Курулуш паспортунда төмөнкү маалыматтар камтылат:

  • Курулуш министрлигинин расмий белгиси;

  • Объекттин аталышы жана дареги;

  • Подрядчы компаниянын маалыматы;

  • Жооптуу адистердин аты-жөнү жана байланыш номери;

  • Уруксат документтеринин номери;

  • Курулуштун башталышы жана аяктоо мөөнөтү.

Министрлик бул кадам курулуш тармагындагы ачык-айкындуулукту күчөтүп, жарандардын маалымат алуу укугун камсыздоого багытталганын белгиледи. Ошондой эле бардык курулуш компанияларына бекитилген талаптарды так сактоону эскертти.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар