Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыТрамп Путин менен Жакынкы Чыгыштагы куралдуу жаңжалды токтотууну талкуулады

Трамп Путин менен Жакынкы Чыгыштагы куралдуу жаңжалды токтотууну талкуулады

Трамп Жакынкы Чыгышта тутанган куралдуу жаңжалды 14-июнда Путин менен телефондон бир саатча талкуулаганын билдирди.

«Путин мени туулган күнүм менен куттуктап чалыптыр. Ал жакшы билген Иран маселесин кенен талкуулап, Израил-Иран чатагы токтотулушу керек деген пикирге ынандык. Ошол эле учурда анын (Путиндин) согушу да аякташы керектигин түшүндүрдүм», — деп жазды Трамп.

Буга чейин Кремлдин тышкы саясат боюнча кеңешчиси Юрий Ушаков Орусиянын президенти Израилдин Иранга чабуулун айыптап, куралдуу эрегиш андан ары кеңейип кетиши мүмкүн деп эскерткенин билдирген.

15-июнда Оманда өтөрү белгиленген Иран-АКШ сүйлөшүүлөрү куралдуу чабуулдар башталган үчүн болбой турганы билдирилген.

Белгилей кетсек, 14-июнда АКШ президенти 79 жашка толду. Ал күнү Вашингтондо АКШ армиясынын түзүлгөнүнүн 250 жылдыгына арналган аскердик парад өттү. Бир катар штаттарда «Падыша болбосун» деген ураандын астында оппозициячыл демонстрациялар уюшулду.

Гезит

Эффект Ормузского пролива

Конфликт вокруг Ирана потрясает мировую экономику                   Ближний Восток играет ключевую роль в глобальной энергетической системе и международной...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар