Башкы беткеРубрикаларАймактарБишкек мэриясы Нооруз майрамына чакырат

Бишкек мэриясы Нооруз майрамына чакырат

Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын тургундарын жана конокторун 21-март күнү Ала-Тоо аянтында өтө турган Нооруз майрамын бирге белгилөөгө чакырат.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, саат 11:00дөн 22:00гө чейин майрамдык кеңири программа тартууланып, шаардыктарды салт-санаага, маданиятка жана жазгы шаңга толгон өзгөчө атмосфера күтөт.

Майрамдын алкагында борбордук аянт чыныгы этномаданий мейкиндикке айланат. Бул жерде “Ордо” этноаймагы уюштурулуп, боз үйлөр тигилет. Анда ар түрдүү этностордун өкүлдөрү өздөрүнүн каада-салттарын, жашоо-турмушун жана меймандостук маданиятын көрсөтүшөт.

Мындан тышкары, улуттук оюндар жана спорттук мелдештер үчүн атайын аянтчалар уюштурулуп, каалоочулар активдүү катыша алышат. Кол өнөрчүлүк көргөзмөлөрүндө өлкөнүн бардык аймактарынан келген усталар өз колунан чыккан буюмдарын – зергерчилик жасалгаларды, кийиз буюмдарды, килемдерди жана улуттук сувенирлерди сунуштайт.

Майрамдык иш-чара кыргыз эстрадасынын жылдыздары, чыгармачыл топтор жана артисттер катышкан чоң концерттик программа менен жыйынтыкталат.

Белгилей кетсек, Нооруз – жаздын келишин, жаңыланууну жана ынтымакты символдогон байыркы майрам болуп эсептелет.

Гезит

Манасчы, кыл кыякчы Кенжекара

XX кылымдын башында, тагыраагы 1903-1904-жылдары Орто Азияга, Түркестанга саякаттап келген (мүмкүн мамлекеттик тапшырмалар менен келген) Б.В. Смирнов «В степях Туркестана» деп аталган аңгеме, очерктеринин...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар