Башкы беткеСаясат жана коомКоомМанасбек Самидинов ЕАЭБдин "Магистраль Awards" сыйлыгына татыды

Манасбек Самидинов ЕАЭБдин «Магистраль Awards» сыйлыгына татыды

“Кыргызстан аэропорттору” ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов аба транспортунун өнүгүшүнө жана аэропорт инфраструктурасын жакшыртууга кошкон чоң салымы үчүн абройлуу «Магистраль Awards» сыйлыгына татыды. Бул тууралуу компаниядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Кыргызстан аэропорттору» ААК башкармалыгынын төрагасынын жетекчилиги алдында өлкөнүн аэропортторун модернизациялоого жана тейлөөнүн сапатын жогорулатууга багытталган бир катар маанилүү долбоорлор ишке ашырылды.

«Ал инфраструктураны өнүктүрүүгө, коопсуздук деңгээлин жогорулатууга, заманбап технологияларды киргизүүгө жана процесстерди стандартташтырууга чоң салым кошту. Бул өзгөрүүлөр Кыргызстандын туристтик агымын көбөйтүүгө жана өлкөнүн Борбор Азиядагы транспорттук түйүн катары имиджин жакшыртууга өбөлгө түздү», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, «Магистраль Awards» сыйлыгы — бул транспорт тармагындагы эң беделдүү сыйлыктардын бири. Ал Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн транспорттук компаниялары менен уюмдарынын эң мыкты өкүлдөрүнө ыйгарылат. Бул сыйлык кесиптик жетишкендиктерди гана эмес, жаңы инновацияларды ишке ашырууда жана ири инфраструктуралык долбоорлорду натыйжалуу башкаруу жөндөмүн белгилейт.

Гезит

Казакстандан кат (ЖУСУП АБДРАХМАНОВ)

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ               Казакстандын Көркөм Академиясы азыркы кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз АССРнын Совнаркомунун төрагасы, 1932-1933-жылдардагы Казакстандагы...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар