Бүгүн Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Ким Кванджэ менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саламаттык сактоо тармагындагы кызматташуунун азыркы абалы жана келечеги талкууланды. Өзгөчө көңүл 2026-жылы өтө турган «Борбор Азия — Корея Республикасы» саммитине даярдыкка бурулуп, бул иш-чара стратегиялык диалогду күчөтүү жана практикалык кызматташууну кеңейтүү үчүн маанилүү аянтча экени белгиленди.
Ошондой эле Economic Development Cooperation Fund колдоосу менен Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан медициналык инфраструктуралык долбоорлор каралды. Анын ичинде Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасын куруу жана «Медициналык шаарча» долбоорунун алкагында Улуттук госпиталдын жаңы корпусун модернизациялоо пландары бар.
Министр кадрларды даярдоо маселесине өзгөчө токтолуп, кыргыз дарыгерлери Lee Jong-wook Fellowship Program аркылуу заманбап технологияларды жана башкаруу тажрыйбасын үйрөнүп жатканын белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар саламаттык сактоо тармагындагы кызматташууну мындан ары да кеңейтүүгө даяр экенин билдиришти.


