2030-жылга чейинки Улуттук программаны ишке ашыруунун алкагында кабыл алынган Улуттук программалардын маанилүү багыттарынын бири — «жашыл» энергетиканы өнүктүрүү жана туруктуу өнүгүү принциптерин ишке ашыруу болуп саналат. Бул багыт — өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылууга, электр энергиясына болгон ички суроо-талапты канааттандырууга жана экологиялык таза энергия булактарын кеңири пайдаланууга багытталган. Ошондой эле «жашыл» энергетиканы өнүктүрүү климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдө жана айлана-чөйрөнү коргоодо маанилүү роль ойнойт.
«Жашыл» энергетиканын мааниси
«Жашыл» энергетика – бул айлана-чөйрөгө аз зыян келтирген жана кайра жаралуучу энергия булактарына негизделген энергия өндүрүү системасы. Буга гидроэнергетика, күн энергиясы, шамал энергиясы жана биомасса сыяктуу булактар кирет. Кыргызстан табигый ресурстарга бай өлкө болгондуктан, «жашыл» энергетиканы өнүктүрүү үчүн чоң потенциалга ээ. Айрыкча гидроэнергетикалык ресурстар өлкөнүн энергетикалык системасынын негизги бөлүгү болуп саналат. Бул мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдалануу ички электр энергиясына болгон суроо-талапты камсыз кылуу менен катар экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү да кеңейтет.
Экономикалык өнүгүүгө кошкон салымы
«Жашыл» энергетиканы өнүктүрүү экономиканын бир нече тармагына оң таасир тийгизет. Биринчиден, жаңы энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу инвестицияларды тартууга жардам берет. Экинчиден, жаңы өндүрүштөр жана инфраструктуралык долбоорлор аркылуу жумуш орундарын түзүү мүмкүнчүлүгү пайда болот. Мындан тышкары, энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу энергия импортун азайтып, өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын жогорулатат.
Экологиялык жагы
Туруктуу өнүгүүнүн негизги максаттарынын бири – айлана-чөйрөнү коргоо. «Жашыл» энергетика көмүр жана башка зыяндуу отун түрлөрүнө болгон көз карандылыкты азайтып, абанын булганышын төмөндөтүүгө жардам берет. Бул өз кезегинде калктын саламаттыгына да оң таасир тийгизет. Ошондой эле экологиялык таза технологияларды колдонуу климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдө маанилүү роль ойнойт.
Жашыл экономиканын маңызы
Кыргыз Республикасында жашыл экономиканы улуттук контекстте түшүнүү туруктуу өнүгүүнүн экономикалык модели катары каралат. Ал экономиканын энергияны үнөмдөөчү жана энергетикалык натыйжалуу технологияларга өтүүсүн, калктын бакубаттуулук деңгээлин жогорулатууга жана социалдык адилеттүүлүктү бекемдөөгө багытталган чараларды камтыйт. Мындан тышкары, жашыл экономика экологиялык тобокелдиктерди азайтууга, өлкөнүн табигый капиталын жана экосис-темаларын сактоого, ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга багытталган саясатты билдирет. Бул модель экономикалык өсүш менен экологиялык коопсуздуктун ортосундагы тең салмактуулукту сактоого жардам
берет.
Дүйнөлүк тенденциялар жана Кыргызстан
Дүйнө жүзүндө жашыл экономикага өтүү климаттык өзгөрүүлөргө каршы күрөшүүнүн жана туруктуу өнүгүүнүн негизги багыттарынын бири болуп калды. Кыргызстан үчүн да бул тармак стратегиялык мааниге ээ болуп, акыркы жылдары бул багытка өзгөчө көңүл бурулууда. Экологиялык таза жана кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу менен бирге эл аралык климаттык милдеттенмелерди аткарууга да жардам берет. Мындан тышкары, энергетикалык инфраструктураны модернизациялоо, энергия-ны үнөмдөөчү технологияларды киргизүү жана инвестиция тартуу аркылуу тармактын туруктуулугу жогорулатылат.
Мамлекеттик демилгелер жана саясат
Кыргызстанда жашыл экономиканы өнүктүрүү багытында бир катар маанилүү кадамдар жасалууда. Президенттин демилгеси менен 2022-жылдын ноябрь айында Жашыл энергетика фонду түзүлгөн. Бул фонддун негизги максаты — энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү үчүн ички жана тышкы инвесторлорго шарт түзүү.
Фонд инвесторлорго энергия объекттерин куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү жана мамлекеттик кепилдик берүү сыяктуу механизмдер аркылуу долбоорлорду колдойт. Бул чаралар өлкөгө инвестиция тар-тууга жана жаңы энергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга жардам берет.
Президенттин көз карашы
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жашыл энергетиканын өлкөнүн келечеги үчүн маанилүү экенин баса белгилеген. Анын айтымында, Кыргызстан бай гидроэнергетикалык потенциалга жана кайра жаралуучу ресурстарга ээ болгондуктан, бул мүмкүнчүлүктөр өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун жана көз карандысыздыгын камсыз кылууга шарт түзөт. Мындан тышкары, келечекте Кыргызстан жашыл энергияны экспорттоочу мамлекеттердин катарына кошулуп, жашыл инвес-тициялар үчүн регионалдык платформага айланышы мүмкүн. Бул дүйнөдөгү экономиканы декарбонизациялоо боюнча тенденцияларга жана климаттык чакырыктарга жооп берген стратегиялык кадам болуп саналат.
Жашыл энергетиканы өнүктүрүү – энергетикалыккоопсуздуктун негизги фактору
2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун алкагында, кичи гидроэлектр станцияларын (ГЭС), күн жана шамал электр станцияларын куруу боюнча бир катар долбоорлор ишке ашырылууда. Азыркы учурда тиешелүү фонд тарабынан кичи ГЭСтерди куруу үчүн 45 жер тилкеси бөлүнүп берилген. Бул долбоорлордун айрымдары ишке киргизилип, айрымдары курулуш стадиясында турат. Кичи ГЭСтерди куруу татаал инженердик жана техникалык процесстерди талап кылгандыктан, алардын толук ишке кириши, адатта, бир же эки жылдык мөөнөттү талап кылат.
Жаңылануучу энергия булактарын өнүктүрүүнүн дагы бир маанилүү багыты – күн жана шамал энергетикасы. Учурда күн электр станцияларын куруу үчүн 15 жер тилкеси, ал эми шамал станциясын куруу үчүн бир жер тилкеси бөлүнүп берилген. Бул долбоорлордун ишке ашырылышы энергия өндүрүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачып, өлкөнүн энергетикалык балансына кошумча кубаттуулуктарды киргизүүгө шарт түзөт.
Белгилүү болгондой, Кыргызстанда акыркы жылдары электр энергиясынын таңкыстыгы байкалууда. Бул жагдайды эске алуу менен энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу максатында 2026-жылдын аягына чейин энергетика тармагында өзгөчө режим киргизилген.
Мындай чаралар электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга, жаңы энергетикалык объектилерди тездетилген тартипте курууга жана тармактагы системалык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган.
Мамлекеттик саясаттын негизги максаттарынын бири – өлкөнүн энергетикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана узак мөөнөттүү келечекте энергетикалык көз карандысыздыкка жетишүү. Ушул максатта 2027-жылга карата Кыргызстанды электр энергиясын экспорттой ала турган деңгээлге чыгаруу боюнча конкреттүү аракеттер көрүлүүдө. Бул үчүн жаңы энергетикалык кубаттуулуктарды ишке киргизүү, инфраструктураны жаңылоо жана регионалдык энергетикалык кызматташтыкты өнүктүрүү пландалууда.
2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасын ишке ашыруу Кыргызстан үчүн стратегиялык мааниге ээ. Ал экономиканын туруктуу өсүшүнө өбөлгө түзүп гана тим болбостон, энергетикалык коопсуздукту камсыз кылууга, экологиялык жактан таза технологияларды жайылтууга жана калктын жашоо сапатын жакшыртууга шарт түзөт. Бул программа ар бир жаран үчүн татыктуу жашоо шарттарын түзүүгө жана өлкөнүн узак мөөнөттүү өнүгүүсүнө негиз боло турган маанилүү кадам болуп эсептелет.
Жыпара ЖЭЭНАЛИЕВА,
“Кыргыз Туусу”


