(Башы өткөн санда)
К.Урманбетов ата жолун, мурасын ийгиликтүү улантып, атасындай көрүнүктүү, өзү сымбат-чырайлуу, сүймөнчүктүү акын болду. Анын ондон ашык китеби, 300дөн ашык обондуу ырлары бар. Алардан тандалып, иргелип түзүлгөн “Акырет алдында” жыйнагы турмуштун өйдө-ылдыйын, адамдардын татаал, карама-каршылыктуулугун, ошентсе да дүйнөнүн жарык, сүймөнчүктүү жактары үстөмдүк кыларын даңазалайт. Башкача айтканда, К.Урманбетов баарынан мурда адамгерчиликтин, жаркындыктын, жайдарылыктын акыны.
Аны менен жашы чамалаш Низамидин Мурзаев (1958) бир нече китептин ээси. Мага жердеш, айылдаш – Чоң-Алайдын Кара-Мыгынан. Атасы Экинчи дүйнөлүк согушка катышып, жамак айтчу, агасы экөөбүз классташпыз. Өзү уяң, тартынчаак өсүп, көп жыл Чоң-Алайда мүгалим болуп жүрүп, Бишкекке кечирээк келди. Ыр жазарын, китептери бардыгын билген эмесмин. Ийменип мага кайрылган да эмес. Капыстан “Нускадан” көрүп калып “Кыргыз акыны” аттуу калың жыйнагын (2009. – 344 бет) сатып алып окугам. Бир жыл мурда “Чымчыгым” (2021), “Алыкулдун Ата-Журт” (2022) деген жаңы китептерин берген. Мурдакы жана жаңы китептери менен таанышып, уялчаак, тартынчаак болуп, элге чыкпай таанылбай, маалымат каражаттары менен катташпай жүргөнүнө көңүл бургам. Чыгармалары болсо жакшы, айрыкча “Кыргыз акыны” жыйнагы (аталышы анча так эмес экенин өзүнө айткам) салмактуу, “Чымчыгымы” саясатташып, жеңилирээк, утурумдук болуп калыптыр.
Биздин муундун (1949 – 1959-жылдары дүйнөгө келгендердин) көрүнүктүү эки өкүлүнүн – Султан Раев (1958) менен Бекен Назаралиевдин (1959) чыгармачылыгы жөнүндө мурда (2019-жылы) “Кыргыз Туусуна” жазганмын. Андан бери жаңы чыгармалары жарыялана элек. Болгон жакшы жана жаман жаңылык – С.Раев эл аралык Түрксой уюмун жетектеп, улам жаңы наамдарды жана сыйлыктарды алууда (кут болсун!), Б.Назаралиев бир жылдан бери оор жаракаттын айынан төшөктө. Анын аман-эсен туруп кетишин, катарыбызга кошулушун Кудайдан тилейм.
Жалпысынан муунубуз аксакал куракка келсе да адабиятка татыктуу салым кошууда десем жаңылбайм.
Бизден кийинкилер (алтымышты ашкандар)
Алар да көп, көрүнүктүү, түшүмдүү. Дал 1960 – 1961-жылдары жарык дүйнөгө келгендери бир канча, өзүнчө топ, тайпа. Алар А.Акбаров, Ф.Абдалова, К.Кулуев, Ч.Турсунбеков, Ж.Саалаев, Ө.Тиллебаев, М.Сабыров, Т.Шайдуллаева ж.б. Булар бизден бир аз башкачараак кырдаалды (СССРде эркиндикке анча-мынча жол ачылып (Хрущёв “желаргысы” – “оттепели” деп койчу), космоско адамдар учуп, америкалыктар Айга конуп турган учурду (1968-жыл) угуп, көрүп калышты. Бул муундан алгачкы таанышканым Атантай Акбаров болгон. Алыскы, четки Чаткалда (мага кайын-журт) туулуп өскөн ал Ош мамлекеттик педагогикалык институтунда (азыр университет) окуп жаткан экен. 1970-жылдардын экинчи жарымында мен Москвада аспирант болчумун. Жайкы эс алууга Ошко учуп келип бажанын үйүндө отурсам келип калды. Экөөбүз түнү бою адабият жөнүндө сүйлөшкөнүбүз эсимде. Ошондогу студент азыр Пайгамбар жашынан өтүп, өзүнүн эмоцияга бай, ойчул, накыл сөздүү поэзиясы аркылуу Кыргызстанга жана түрк тилдүү өлкөлөргө таанылган акын, котормочу жана обончу. Анын “Жүрөгүм сынды, айталбайм” аттуу акыркы ыр жыйнагын (2020), өмүрлүк жары Өктөм Калыева (ал да белгилүү акын, жазуучу, котормочу жана обончу) менен биргелешип, маектешип жазган “Адабият жоголсо жерде Кыямат болот. Мыкты акын-жазуучу болуунун сырлары” деген кызык, жаштарга сабак болчу китебин (2024) жан дилим менен окуп чыгып, баш сөз жаздым. Ал азыр Улуттук жазуучулар союзунун жетекчилеринин бири.
А.Акбаровдун чыгармачылыгына мүнөздүү белгилер – чынчылдык, Ата Мекенди сүйүү, куру кыйкырыктан качуу, жөнөкөйлүк, ашыктык, поэзияга бийик, жооптуу мамиле. Тууган жери ал үчүн ыйык. Ошол үчүн ага Чаткалдын таштары да акын көрүнөт.
Кожогелди Кулуевди (Култегинди) да көптөн бери билем. Ырларын күпүлдөтүп жатка окуган, күжүлдөп иштеген жана уюштургуч – башкаргыч талантка ээ акын жана котормочу. Өзүбүздүн университетти бүткөнүнө алымсынбай Москвага барып М.Горький атындагы Адабият институтунан билимин өркүндөтүп, андан соң бир катар жетекчи кызматтарды аркалаган, акырында Түрсойдо кызмат аткарып, Түркияны жана түрк дүйнөсүн кыдырган. Ошол жактагы достору чыгымын көтөрүп, 60 жылдыгына карата 5 томдук чыгармалар жыйнагын кыргызча бастырып чыгарышкан. Өзүбүздө болсо “Атчан китеп” (2019) жана “Адамдар – чекиттердин жарымындай” (2023) аттуу ыр жыйнактары жарык көрдү. Буларга белгилүү адабиятчы, сынчылар Э.Нурушев, Ү.Култаева, К.Иманалиевдер баш сөз жазышыптыр. Мен алардын мактоо сөздөрүнө кошулуп, эки-үч жагдайды баса белгилемекчимин.
К.Кулуев эң оболу курч, күчтүү сезимдердин, өз алдынча, жаңыча ойлордун акыны. Анын чыгармаларынын, котормолорунун темалары ар түркүн, чабыты терең, географиясы кенен: аларда Кыргызстандан тышкары Казакстан, Орусия, Түркия, Азербайжан, Испания, Жапония жерлери жана акындары аралаш жүрөт, лирика менен публицистика, кыска ыр менен сюжеттүү поэма кезектешет. Эки китебинин аталышынан байкалып тургандай, алар образдуулукка, метафора, салыштырууга бай, ыр түзүлүштөрү салттуу уйкаштыкты жана эркин ырды кошо камтыйт.
А.Акбаров менен К.Култегиндин адамдык сапаттары да көңүл бурууга арзыйт. Экөө жашташ досу, белгилүү акын, котормочу, ишкер, саясий жана мамлекеттик ишмер Чыныбай Турсунбеков таажы вирустун айынан айынан алтымышка чыкканында жайрап калганда үй-бүлөсүнө эш болушуп “Жылдыздуу жээк” деген ырлар жана котормолор жыйнагын (2021. – 356 бет), “Мен дүйнөгө баланын көзү менен карайм” аттуу эскермелер китебин (2021. – 500 бет) чыгарууга тикелей катышкан, жылуу баш сөздөрүн жазышкан.
Ч.Турсунбековду мен да жаш кезинен билчү элем. Убагында алгачкы ыр китебин, кандидаттык диссертациясын колдогон пикир жазып бергем, 2014-жылы жарык көргөн “Жалын Тоо” ыр китебинин бет ачары Кыргыз-түрк “Манас” университетинде өткөндө жакшы ой-пикирлеримди билдирип сүйлөгөм. Азыр кошумчалайын дегеним бул.
Акын өзү “Мен дүйнөгө баланын көзү менен карадым” деп таамай жазгандай, андай кароо адегенде адабиятка, көркөм дүйнөгө таандык, ал эми ишкерлигине, саясатка анча мүнөздүү эмес. Ал жактарга башкача көз, бөтөнчө мамиле зарыл. Ошентсе да адабият менен саясатты эриш-аркак туткан айрым окуялар, учурлар болуп калат. Маселен, А.Навои, Бабур, Англияда Дизраель, Гладстон, Черчилль, Чехияда В.Гавель ушундай кылышкан. Бизде А.Акаев менен Р.Отунбаева бийликке илимден келишти. Мен дагы ошондой болдум окшойт. Ч.Турсунбеков үч-төрт тармакты – адабиятты, илимди, ишкерликти, саясатты айкалыштырды. Бул чанда кездешчү көрүнүш. Ошондуктан Ч.Турсунбековдун эрте өлүмү – элибиз үчүн чындап эле орду толгус жоготуу.
Журналистиканы, адабиятты жана укукту, сот бийлигин (!) эриш-аркак тутуп келген дагы бир талант – Жедигер Саалаев (1961). Анын “Манас дух” (2020), “Адам пенде, Жер энеге таазим эт!” (2022) деген ыр жыйнактары кызыгуу менен окулат. Айрыкча “Манас дух”, андагы көпчүлүк ырлар, “Арыбагын, Күн!” аттуу философиялык поэмасы, “Кыз Сайкалдын махабаты””, “Боогачы” балладалары баалуу. Китептин ийгилигин, жетишкен жактарын баш сөзүндө Э.Нурушев досум даана ачыптыр. Мен ага кошулам. Ал эми О.Сулейменовдун атактуу китебинин аталышын кайталагандай таасир калтырган “Адам пенде, Жер энеге таазим эт!” эки анжы ой калтырат: кээ бир ырлары, “Ыраазычылык ыры”, “Сен өлбөшүң керек эле, Тилек дос!”, “Топчуке”, “Адам пенде, Жер энеге таазим эт!” деген поэмалары мыкты, бийик эмоциялуу, терең ойлуу, калган көпчүлүк ырлары үй-бүлөсүнө, досторуна, кызматташтарына эле жакпаса башкалардын көңүлүн бурдура албайт. Мындай арноолор башка акындардын жыйнактарында да көп, өзүнчө эле адат, тизгинсиз эпидемия болуп баратат. Менимче, бул селди токтотуп, коомдук мааниси жок андай ырларды үй-бүлөлүк альбомго же дептерге калтыруу ылаажым.
Сөзгө тартылып жаткан муундагы акындардын арасынан жаңычылыгы, ой-сезимдеринин тереңдиги жана чабыттуулугу жагынан Өмүрбек Тиллебаев (1961) айрыкча бөлүнүп турат. Бою пас, көрүнүшү менен жүрүм-туруму жупуну, уяң болгону менен жазгандары такыр башка, өзгөчө. Буга ырларынан, балладаларынан, поэмаларынан түзүлгөн “Адамдын күн жүрүшү” (2021. – 308 бет), ыр менен жазылган “Бата жана каргыш. Эгемендик жылдардын панорамасы” (2023. – 304 бет) аттуу китептери ынандырат. Өзгө акындардан айырмаланып ал китептерине баш сөз да жаздырбаган. Анткени өз дараметине, козголоңчул духуна ишенген:
Эй, жымжырттык, көшүп жаткан түн менен,
Куш учпаган, ит чыгып үрбөгөн.
Бейдаректик сени менен күрөшөм,
Дүйнөңөргө салгым келет дүрбөлөң.
…………………………………………………………
Көргүм келет дүйнөлөрдү аңтарып,
Билгим келет канча жаңы зат барын.
Чыккым келет деңиздерди сапырып,
Жазгым келет белгисиздик аттарын.
(“Козголгон духтун демөөрү”).
Эгер биринчи жыйнагы ар түрдүү жанрдагы ырлардан жана ыр түзүлүштөрүнөн, ар кайсы темалардан (адам, турмуш, үй-бүлө, сүйүү, табият, акча, чек ара, таажы вирус, интернет, Ванга, базар жана мазар ж.б.)турса, “Бата жана каргыш” романы эгемендик жылдардын гана эмес, Инжил менен Курандан берки адамзат тарыхынын, бүгүнкү күндүн жана келечектин панорамасын кошо камтыйт. Мурда кыргыз адабиятында ыр менен жазылган романдар конкреттүү тарыхый окуялар жана адамдар жөнүндө болсо, Ө.Тиллебаев О.Султановдун “Адам турмушу” сыяктанып психологиялык өңүттү эмес, жалпы адамзаттык жана кыргыз коомдук-мамлекеттик тарыхын философиялык-эсхатологиялык жагдайларда баяндоону максат кылат. Дегинкисинде бул эки китеп өз ара байланыштырылып жайынча, атайын талдоого арзыйт. Азырынча “Бата жана каргыш” романынын мазмун жана форма жактан поэзиябыз үчүн үлгү, жаўылык болгонун биринчи болуп “Тарыхчылар жаза албаган тарыхты акын жазган, же кыргыз поэзиясына постмодернизмдин келиши” деген чакан макаласында (“Кыргыз Туусу”, 2024-жыл, 15-октябрь) кубана жардаган шакиртим А.Медетовдун эмгегин белгилеп кетмекчимин.
Муундун айым акындары эмнегедир аз экен. Алардын тыўы, ашкере таланттуусу Фатима Абдалова (1960) көрүнөт. Анын мурда жарыяланган 4 жыйнагын өзүн көрүп, билип жүрсөм да окуган эмесмин. Өтүнүчүмө ылайык акыркы үч китеби жылуу каалоолор менен коштолуп быйыл жазында колума тийди. Алар: “Жолдо бастым ойлонуп” (2016. – 584 бет), “Ыр деген – бул өмүрдүн майрамында” (2022. – 280 бет), “Мен дүйнөнү апам менен тааныгам” (2022. – 204 бет). Көрүнүп тургандай, үчөө тең тырнактай эмес, көлөмдүү, салмактуу, мазмундуу. Айрыкча биринчиси.
(Уландысы бар)

