Президент С. Жапаров – «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндөгү” жарлыгында “Уңгужолдун негизги максаты – мамлекеттик, коомдук-саясий, жарандык институттардын ишин бир нукка салyy мекен нарктуу, мекенчил, жоопкерчиликтүү жарандарды калыптандырып, кубаттуу мамлекет куруу», – деп баса көрсөтүлөт. Андан нары бул документте адамдын аң-сезиминде жарандык мекенчилдик баалуулукту калыптандыруу, жалпы элдин улуттук демин арттыруу, келечекке болгон ишенимди бекемдөө зарылчылыгы белгиленген.
Уңгужолдо көрсөтүлгөндөй «Кыргыз эли — жеке өзүнө таандык тарыхый тагдыры бар, миңдеген жылдар бою өз аталышын, мамлекеттүүлүк салтын жоготпой сактап келген, адамзат өркөнүнө салым кошкон, дүйнөлүк коомчулук тарабынан таанылган кайталангыс эл», – деп жазылган
Жогоруда айтылгандай, мекенчил жарандарды тарбиялоо башкы максаттардын бири. Бул максатты ишке ашырууда кыргыз элинин тарыхындагы элибиздин адамзат өркөнүнө кошкон орчундуу салымдарын окуп үйрөнүү маанилүү роль ойнойт. Өткөн кылымдын 1941-1945-жылдарында болуп өткөн Улуу Ата Мекендик согушта дүйнө элине коркунуч туудурган фашизмди жок кылууда Совет элинин катарында кыргызстандыктар да зор салым кошкон. Быйыл ошол кандуу согуштагы Улуу жеңиштин 80 жылдыгы белгиленип жатат. Улуу жеңиштин маани-маңызын окуп үйрөнүү Уңгужолдун талаптарын аткарууга өбөлгө болоору шексиз.
Айтайын дегеним, ушул жумада «Улуу жеңишке 80 жыл! Великой Победе 80 лет!» аттуу китеп кыргыз жана орус тилдеринде жарыкка чакты. Анын автору Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор, ондогон окуу китептеринин автору Өскөн Осмонов. Жарыяланган эмгекте кыргызстандык жоокерлердин согуштун алгачкы жылындагы эрдиктери, Москва шаарын коргоодогу панфиловчулардын баатырдыгы менен башталат.
Кыргызстандык жоокерлердин 1942-1943-жылдардагы салгылаштарга катышышын чагылдырууга өзүнчө бөлүм арналган. Кыргызстандык жоокерлердин согуштун аяктоочу мезгилдеги баатырдыктары да өзүнчө тема менен берилет.
Улуу Ата Мекендик согуш жылдары тылдагы элибиздин күжүрмөн эмгегин чагылдырууга китепте бир бөлүм арналган. Согуш мезгилиндеги Кыргызстанда илимдин өнүгүшүнө, кан күйгөн согуш мезгилинде республикабызда СССРдин Илимдер академиясынын филиалынын ачылышы, белгилүү окумуштуулардын Кыргызстанга эвакуацияланып келиши, алардын илимге кошкон салымы баяндалат. Ошол мезгилдеги маданияттын өнүгүшүнө да эмгекте сереп салынат.
Кыргызстандык жоокерлердин ичинен өзгөчө эрдик көрсөтүп Советтер Союзунун Баатыры, Даңк орденинин толук кавалери болгон жоокерлердин тизмеси берилип, айрымдарынын өмүр баяндары, көрсөткөн эрдиктери жазылган.
Китептин соңку сөз ордуна жазылган бөлүмчөдө автор өзү туулуп өскөн Чүй районундагы Маданият кыштагынын согуш мезгилиндеги абалы, айылдагы 50 түтүн элден 85 эр-азаматтын мекенди коргоого аттанышы, айрым үй-бүлөдөн 3-4 адамдын майданга барышы, айылдан барган жоокерлердин 80 пайызынын курман болгону, аман кайткандардын баары майып болуп келгени, согуш жылдарындагы айыл эмгекчилеринин абалы, согуштан кийинки жылдардагы айылдагы жетишкендиктер окурмандарды кайдыгер калтырбайт.
Салмор АЛЫМКУЛОВ,
профессор, китептин жооптуу редактору