whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
15.05.2025
32.5 C
Бишкек

Улут реформатору

Жогорку Кеңештин төрагасы ТУРГУНБЕК уулу Нурланбек:
«Бекболот Талгарбековдун ысымы агрардык реформа менен тыгыз байланыштуу» 

 

Бекболот Талгарбеков деген ысым эгемендүү кыргыз мамлекетиндеги агрардык реформа менен тыгыз байланыштуу. Дароо эле так кесе айтайын, эгерде өлкөбүздөгү агрардык реформанын башында Талгарбеков турбаганда, бүгүнкүдөй жемиштүү жана натыйжалуу иштешкен дыйкандар, фермерлер болмок эмес. Албетте, айрымдарга Талгарбековдун реформасы жакпады, жеке өзүн жек көрүштү. Анткени алар ошондо да, балким азыр да түшүнүшпөйт же түшүнгүлөрү келбейт. Чындыктын критерийи — мезгил жана турмуш. Мезгил Талгарбековдун реформасынын тууралыгын далилдеди. Бекболот мырза ийгиликтүү жүргүзгөн айыл реформасынын биринчи этабын улантып, реформаны толук бүтүрүү зарыл.

Нурманбет ТОКТОМАТОВ, мамлекеттик ишмер:
«Көп кырдуу, жогорку деңгээлдеги инсан»

Бекболот Талгарбеков көп кырдуу, жогорку деңгээлдеги инсан. Ал эки жыл гана айыл чарба министринин милдетин аткаруучу болуп иштеген. Бирок кыска мөөнөттө Кыргызстандын айыл чарба тармагына чоң, ийгиликтүү реформаны жасай алды. Анын ысымы өлкөбүздүн тарыхында чыныгы реформатор катары кала берет.

 

Кайырбек САРМАТОВ, дыйкан чарба башчысы:
«Айылдагы өзгөрүүлөрдүн башатында турду»

Союз маалында мен отуз жыл башкы чабан болуп иштедим. Совхоз мага жем, чөбүн, керек болсо тамак-ашыма чейин даярдап берип турчу. Ал Москванын дотациясы экенин биз ал кезде кайдан билдик. Биз Бекболот экөөбүз бир айылдан болобуз. Ал жакшы үй-бүлөдө төрөлүп, өстү. Кийин мыкты билим алды. Биринчи президенттин көзүнө илинди. Ага айыл чарбаны реформалоо тапшырылды. Бекболот айылдагы өзгөрүүлөрдүн башатында турду. Айылдыктарга жерди, малды, мүлктү тең бөлүп берип, кыйрап жаткан колхоз-совхоздордун тепсендисинде калтырбай, аман-эсен сууруп, эркиндикке чыгарды. Мен эми соңку отуз жыл дыйкан чарба башчысымын. Байбичем, уул-келиним, эки жардамчым менен кой, уй, жылкы, топоз багып келем. Кудайга миң мертебе рахмат. Союз маалында азыр менин менчигимдеги малды кеминде элүүдөй киши багып, дагы элүүдөй аткаминерлер көзөмөлдөп, текшерип турмак. Ооба, Бекболот тууралуу дагы эле ар кандай пикирлер айтылат. Менин баамымда аны жектегендер акыл-эси, билими тайкы, жалкоо, жатып ичерлер, ичкиликке жакындар. Бекболотту жактагандар эмгекти сүйгөндөр, акыл-эси тунук, өлкө өссүн деген жаңы көз караштагы адамдар.

Дөөлөтбек БЕРИКБАЕВ, мамлекеттик ишмер:
«Айыл чарба реформасынын негизги этабын жүзөгө ашырган»

Бекболот Талгарбеков жүргүзгөн айыл чарба реформасынын тууралыгын мезгил улам барган сайын бекем далилдеп жатат. Өткөн 90-жылдары эң татаал, тагдыр чечүүчү реформанын автору да, идеологу да, аткаруучусу да Талгарбеков. Дыйкандар, фермерлер жерге, мал, мүлккө ээлик кылып, өз алдынчалыкка жетишти, үзүрүн жалпы эл көрүп жатат. Ошол кезде жаштыгына карабай, көрөгөчтүк кылып, тоскоолдуктарга моюн бербестен, ара жолго таштабастан айыл чарба реформасынын биринчи жана эң негизги этабын ийгиликтүү жүзөгө ашырган. Талгарбеков мурунку биздин убактагы жана азыркы кадрлардын ичинен өтө билимдүү, ой-чабыты кенен, деңгээли бийик мамлекеттик ишмер. Өткөөл мезгилдин маселелерин терең түшүнгөн, мамлекетти куруу жана бекемдөөнүн проблемаларын, аларды чечүү жолдорун мыкты билген аналитик. Биздин өлкөнүн алдында турган татаал көйгөйлөрдү факт жүзүндө далилдеп, мамлекеттин енүгүүсүнүн багыттарын кылдат талдап, жазып да, айтып да келди. Эми илимге кайтып келген экен. Экономиканы, айрыкча агрардык тармакты өнүктүрүүнүн илимий негиздери тууралуу терең, стратегиялык мааниге ээ сунуштарды иштеп чыгат деген бекем ишеничтемин.

Качкынбай КАДЫРКУЛОВ, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген кызматкери:
«90-жылдардагы апааттан аман-эсен сууруп чыкты»

Өткөн кылымдын 90-жылдары СССРдин абалы өтө начарлап, кыргыз эли ачарчылык алдында калган. Азык-түлүккө талон киргизилген. Айрым жерлерде айыл калкы картошка, улпак жем жеп калышкан. Буга окшогон апаат экинчи дүйнөлүк согушта блокадада калган Ленинградда болгон экен. Мындай каатчылыктын башкы себеби – коомдук менчикке негизделген чарба жүргүзүү болчу. «Жетөө кашык-табак менен, экөө орок-балка менен» өндүрүш ыкмасы туңгуюкка кептелген. Союз маалындагы Ала-Тоодогу беш жүздөн ашык колхоз-совхоздордогу ашкере ысырапкорчулук, жалган отчеттор акыры өз «жемишин» берген. Чак түштө эле чарбаларга белүнгөн солярка, жер семирткичтерди аңгектерге төгүп салуу, коомдук чарбанын мүлкүн жапатырмак уурдоо сыяктуу көнүмүш алешемдер СССРдин түбүнө жетти. Балээ баспай, жоо чаппай эле ири держава кулады.

Мен айыл чарба адиси катары бир-эки мисал келтирейин. СССР маалында Кыргыз ССРинин колхоз-совхоздоруна жылына союздан орточо 6,5 миллиард рубль дотация берилип турчу. Ал эми 1991-жыл көрсөткөндөй, республиканын бюджетинин кирешеси 2,1 миллиард рубль экен, б.а. союздун биздин колхоз-совхоздорго берип турчу дотациясы өзүбүздүн жалпы кирешебизден үч эсе көп болгон. Эми элестетели, эгер бизде агрардык реформа болбогондо, анда азыр өкмөтүбүз айыл чарбасына жылына 450 миллиард сом дотация берип туруш керек эле! (2019-жылдын бюджетинин киреше бөлүгү 148 миллиард сом). Учурда кыргыздын эркин дыйкандары мамлекеттен бир сом дотация албайт эмеспи! Экинчи мисал. 90-жылдары бир баш койдун базар баасы орточо бир миң рубль, ал эми аны колхоз-совхоздордо бакканга кеткен чыгым төрт миң рубль болгон. Киреше чыгашадан төрт эсе аз болуп жатпайбы. Азыр айыл эли мындайга жол береби? Бербейт, албетте.

Талгарбеков жүргүзгөн айыл чарба реформасы кыргыз элин ошондогу апааттан аман-эсен сууруп чыкты. Он-жүз миңдеген эркин дыйкандардын катмары пайда болуп, алар оор сынактан өтүшүп, өздөрүн, үй-бүлөсүн гана эмес, Ата-Мекенибизди сактап калышты. Ошол тарыхый өзгөрүүлөрдүн башында Бекболот Талгарбеков турду. Ал эл-журттун келечеги үчүн баарына кайыл болуп, башын байлап, жанын үрөп иштеп берди. Постсоветтик өлкөлөрдө Талгарбековдой бир да айыл чарба реформатору болбоду.

А.АКИМБАЕВА

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар