whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
19.03.2025
6.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүКыргызстан эл аралык форумдардын демилгечиси

Кыргызстан эл аралык форумдардын демилгечиси

Министр Жээнбек Кулубаев 2025-жылдын 24-25-апрелинде Бишкекте «Туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык тоо диалогу» Эл аралык конференциясы, 2025-жылы болжолу август айында Ысык-Көл Бүткүл дүйнөлүк тоо жаштарынын фестивалы, 2026-жылы Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун алкагындагы тоолор боюнча чоң конференция жана 2027-жылы Бишкекте Экинчи Глобалдык тоо саммити «Бишкек+25» демилгеленгенин жана өтөөрүн маалымдады. Министр бул тууралуу 2025-жылдын 24-февралында Бириккен Улуттар Уюму тутумунун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Антье Граве менен жолугушууда билдирди. БУУ тутумунун Туруктуу координатору мындай демилгелердин маанилүүлүгүн оң белгилеп, тоо-кен тармагынын күн тартиби боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жана компетенттүү мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүүгө даяр экендигин билдирди.

Кыргызстан эл аралык мааниге ээ демилгелердин автору, кыргыз жери дүйнөлүк масштабдагы форумдар өтүүчү жай болууга умтулушу утуш гана алып келе турган, өлкөбүздүн сырт дүйнөгө аброюн арттырмагы анык изги жана келечектүү саясат.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар