Башкы беткеРубрикаларАймактарОш улуттук драма театрынын 22 жаш актеруна батирлердин ачкычы тапшырылды

Ош улуттук драма театрынын 22 жаш актеруна батирлердин ачкычы тапшырылды

Москвадагы Михаил Щепкин атындагы театралдык институтту бүтүрүп, Ош улуттук драма театрына келген 22 жаш актер кечээ жаңы батирлеринин ачкычтарын алышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 96 батирлүү көп кабаттуу үй толугу менен пайдаланууга берилди. Батирлер жаш актерлордон сырткары, үч эм төрөгөн үй-бүлөлөргө, ошондой эле курулуш иштери үчүн үй-жайынан убактылуу ажырагандарга да ыйгарылды.

Салтанаттуу ачылышта театрлашкан көрсөтүү коюлуп, “50 жыл мурда болгон окуя” деген сценка көрсөтүлдү. Эл артисттери Назира Мамбетова менен Жамиля Сыдыкбаева мындан туура 50 жыл мурун да театр бүтүрүүчүлөрүнө батир берилгенин эске салышып, мэрге ыраазылык билдиришти.

Белгилей кетсек, мэр Жеңишбек Токторбаев быйыл май айында актерлор менен жолугушуп, батир берилерин убада кылган.

Гезит

Казакстандан кат (ЖУСУП АБДРАХМАНОВ)

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ               Казакстандын Көркөм Академиясы азыркы кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз АССРнын Совнаркомунун төрагасы, 1932-1933-жылдардагы Казакстандагы...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар