Жакында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Нью-Йорк шаарындагы штаб-квартирасында Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 70-сессиясы болуп өттү. Бул дүйнөлүк денгээлдеги иш-чарада гендердик тенчиликти илгерилетүүгө, аялдар менен кыздардын укуктарын коргоого жана эл аралык милдеттенмелерди аткаруу боюнча кеп козголду.
Ошондой эле бул маанилүү иш-чарада сөз сүйлөгөн Кыргыз Рес-публикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов – Бириккен Улуттар Уюму тенчилик маселелеринде үлгү болушу керек экенин белгилеп, уюмдун тарыхында биринчи жолу аял киши башкы катчы болуп шайланууга убакыт келгенин айтты.
БУУ жетекчилигине аял талапкер сунушу
Акыркы мезгилде Бириккен Улуттар Уюмунун жогорку жетекчилигине аял талапкерди көрсөтүү маселеси эл аралык коомчулукта активдүү талкууланууда. Бул демилге жөн гана кадрдык өзгөрүү эмес, дүйнөлүк башкаруу системасындагы тен салмактуулукту кайра карап чыгууга багытталган олуттуу кадам катары бааланып жатканын серепчилер белгилешүүдө. Мунун жөнү бар. Анткени, БУУ түзүлгөндөн бери уюмдун башкы катчысы кызматын жалан мырзалар ээлеп келет. Бул жагдай гендердик тенчилик боюнча глобалдык денгээлде лидерликти көздөгөн уюм үчүн сын пикирлерди жаратып келет жана аял талапкерди көрсөтүү демилгеси — тарыхый адилеттүүлүктү орнотуу, заман талабын эске алуу катары каралууда.
Эксперттердин пикиринде, аял лидердин келиши уюмдун ишине жаны ыкмаларды жана артыкчылыктарды алып келиши мүмкүн. Айрыкча тынчтыкты сактоо, гуманитардык жардам, социалдык өнүгүү сыяктуу тармактарда аялдардын инклюзивдүү жана диалогго багытталган башкаруу стили натыйжалуу болушу ыктымал. Мындан тышкары, мындай кадам дүйнө жүзүндөгү миллиондогон аялдар үчүн символдук мааниге ээ болуп, лидерликке болгон ишенимди күчөтөт.
Иш жүзүндө БУУга башкы катчы тандоо процесси жөнөкөй эмес, БУУнун Коопсуздук Кенешинин туруктуу мүчөлөрүнүн макулдугу жана мыкты тажрыйба менен терен билим талап кылынат. Демек, талапкердин саясий нейтралдуулугу, дипломатиялык тажрыйбасы жана глобалдык денгээлдеги кадыр-баркы негизги критерийлер бойдон калат.
Кээ бир аналитиктер аял талапкерди көрсөтүү символикалык кадам менен чектелип калбашы керектигин белгилешет. Алардын айтымында, гендердик тенчилик БУУнун бардык структураларында, анын ичинде чечим кабыл алуу денгээлинде системалуу түрдө камсыздалышы зарыл. Болбосо, бир эле кызматка аял кишини дайындоо жалпы маселени чечпейт.
Ошентсе да, азыркы шартта мындай демилгенин көтөрүлүшүнүн өзү эле маанилүү чакырык болуп эсептелет. Бул – дүйнөлүк саясатта инклюзивдүүлүккө, адилеттүүлүккө жана тен мүмкүнчүлүктөргө болгон суроо-талаптын өсүүсүн көрсөтүп жатканынын белгиси.
Заман талабы жана мүмкүнчүлүк
Бүгүнкү күндө башкаруу түзүмүндө аялдардын ролу барган сайын өсүп, коомдук өнүгүүнүн маанилүү факторлорунун бирине айланды. Салттуу түшүнүктөрдө жетекчилик сапат көбүнчө эркектерге таандык деп эсептелип келген болсо, азыркы глобалдык өзгөрүүлөр бул көз карашты олуттуу өзгөрттү. Аялдардын билим денгээлинин жогорулашы, экономикалык активдүүлүгүнүн кенейиши жана социалдык ан-сезимдин өнүгүшү алардын башкарууга активдүү аралашуусуна жол ачты десек болот.
Дүйнөлүк практика көрсөткөндөй, аялдардын жетекчиликке келиши башкаруу маданиятына жаны сапаттарды алып келет. Изилдөөлөрдө аял жетекчилер көбүнчө ийкемдүүлүк, команда менен иштөө, социалдык жоопкерчилик жана узак мөөнөттүү стратегиялык ой жүгүртүү менен айырмаланары белгиленет. Мындай сапаттар айрыкча мамлекеттик башкарууда жана социалдык тармактарда чон мааниге ээ.
Ошол эле учурда аялдардын жетекчилик кызматтарга жетүүсүндө бир катар тоскоолдуктар бар экени ачык маселе. Алардын катарына гендердик стереотиптер, карьералык өсүү үчүн шарттардын жетишсиздиги кирет. Айрым учурларда аялдар өз мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдалана албай, коомдук кысымдын таасиринде калышат.
Бирок сонку мезгилдерде мындай тос-коолдуктарга карабастан, мыкты жетекчиликке умтулган айымдардын саны артып барат. Жеке ишкердикте, экономикада, социалдык багыттарда, саясатта айымдардын ар тараптуу өнүгүүгө карай аракеттери кубанарлык.
Кыргыз парламентине аялдардын 30%дык үлүш менен шайланып жатканы жакшы жышаан. Бул өзгөрүү гендердик тенчиликке багытталган саясаттын жана жарандык коомдун активдүүлүгүнүн натыйжасы болуп саналат. Ошентсе да, жетекчилик кызматтарда аялдардын үлүшү али жетиштүү денгээлге жете элек экендигин статистикалык маалыматтар далилдейт.
Министрлер Кабинетинде жалпысынан 22 министр болсо анын экөөсү гана айым министр.
Ааламдагы атактуу айымдар
Аялдардын саясаттагы орду узак убакыт бою чектелүү болуп келгенине карабастан, дүйнөлүк тарыхта жана азыркы учурда мамлекетти ийгиликтүү башкарып, олуттуу из калтырган аял лидерлер арбын. Алар коомдук-саясий тос-
коолдуктарды женип, өз өлкөлөрүнүн өнүгүүсүнө гана эмес, глобалдык саясатка да таасир эте алышкан.
Тарых барактарына көз чаптырсак мындай өзгөчө орунду Клеопатра ээлейт. Ал байыркы Египетти башкаруу менен катар эл аралык дипломатияда чон роль ойногонун тарыхчылар белгилешет. Анын саясий акылмандыгы жана стратегиялык чечимдери өлкөнүн көз карандысыздыгын сактоого багытталган. Ошондой эле Екатерина II Россия империясын күчтөндүрүп, аны Европадагы ири державалардын бирине айланткандыгы тууралуу дагы маалыматтар айтылат.
XX кылымда аял лидерлердин ролу кыйла жогорулай баштаган. Мисалы, Индира Ганди Индияны татаал саясий шарттарда башкарып, өлкөнүн биримдигин сактоого чон салым кошкон. Ал эми Маргарет Тэтчер 1979-1990-жылдары Улуу Британиянын премьер-министри болуп иштеп, өлкөнү башкарган биринчи аял жетекчи болгон. Тэтчер катуу саясаты жана принципиалдуулугу үчүн “Темир айым” (Iron Lady) деген лакап атка ээ болгон.
Азыркы учурда да аял лидерлер дүйнөлүк саясатта маанилүү орунду ээлейт. Ангела Меркель көп жылдар бою Европанын эн таасирдүү саясатчыларынын бири болуп, туруктуулук жана прагматизм менен айырмаланган башкарууну көрсөтө алды. Ал эми Жасинда Ардерн кризистик кырдаалдарда адамгерчиликтүү жана ачык башкаруу стили менен дүйнө коомчулугунун көнүлүн бурду.
Кыргыздын лидер айымдары
Аялдар лидерлиги жөнүндө сөз болгондо, албетте, Кыргызстанды саясый оор кырдаалда башкарган Роза Отунбаева тууралуу да айтып кетпесек болбойт. Ал Кыргызстандын эл аралык денгээлде таанылышына, БУУнун жана башка эл аралык уюмдардын көз карандысыз байкоочулары менен тыгыз кызматташуусуна өз тажрыйбасын кошуп, аялдардын саясий лидерликке болгон мүмкүнчүлүгүн илгерилеткен. Роза Отунбаеванын эл аралык денгээлдеги тажрыйбаларына таянып, аны БУУнун башкы жетекчилигине татыктуу аял катары сунуш берсе болоору буга чейин да айтылган эле.
Тарыхка кайрылсак, кыргыз коомунда аялдардын орду ар дайым өзгөчө болгон. Айрыкча акылмандыгы, кайраттуулугу жана уюштуруучулук жөндөмү менен айырмаланган айымдар эл башкарууга аралашып, тарыхта из калтырып келишкен. Алардын бири – Курманжан датка. Ал эми совет доорунда кыргыз аялдарынын тарыхта, маданиятта, экономикада, медицинада, тышкы саясатта өз ордулары болгондугу белгилүү. К.Кондучалова, Ж.Ташыбекова, Ж.Түмөнбаева ж.б. көптөгөн легендарлуу ысымдарды атай алабыз. Ал эми азыркы учурда башкаруу бийлигинде турган: Президенттин тоо күн тартиби боюнча Атайын өкүлү Динара Кемелова, Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асел Чынбаева, КРнын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева, Агартуу министри Кендирбаева Догдуркүл, Жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гульзат Исаматова, эл депутаттары Эльвира Сурабалдиева, Салтанат Аманова ж.б. жүздөгөн айым лидерлерибиз бар.
Мындан тышкары, жергиликтүү денгээлде да көптөгөн айымдар жетекчилик кызматтарды аркалап, социалдык маселелерди чечүүгө, билим берүү, саламаттык сактоо жана экономика тармактарын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүп жатышат. Алардын ишмердүүлүгү коомдогу гендердик тенчиликти бекемдөөгө жана жаш муундарга үлгү болууга өбөлгө түзөт десек жанылышпайбыз.
Бирок дагы да аялдардын башкаруучулуктагы ордун бекемдөө үчүн комплекстүү иш-чараларды алып барып, кыз-келиндер үчүн билим берүүдө жана лидерлик жөндөмдөрдү өнүктүрүү боюнча программаларды кенейтүү зарылчылыгы бар. Үй жумуштары менен үй-бүлөнүн тен салмактуулугун камсыз кылган социалдык саясатты күчөтүп, коомдо аял лидерлердин позитивдүү образын калыптандыруу маанилүү экенин көбүрөөк айтып, коомго жар салуу зарылдыгы көрүнүп турат.
Гүлмайрам РАХМАНБЕРДИЕВА,
“Кыргыз Туусу”

