whatsapp: +996 501 86 00 89
call-squared
тел: +996 508 07 07 20
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
10.02.2026
11.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыТриполиде коопсуздук кырдаалы курчуганы кабарланды

Триполиде коопсуздук кырдаалы курчуганы кабарланды

Ливиянын борбору Триполиде коопсуздук күчтөрүнүн башчысы Абдельгани аль-Киклинин өлтүрүлгөнү тууралуу маалыматтан кийин куралдуу кагылышуулар орун алды. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, кагылышуулардан кийин шаардагы бир нече аймакка өзгөчө абал киргизилип, Ички иштер министрлиги жашоочуларды үйлөрүнөн чыкпоого чакырды.

Al Wasat телеканалы билдиргендей, атышууларга 444-бригада катышкан. Аль-Кикли дал ушул бригаданын штабына кол салуу маалында курман болгону айтылууда. Окуядан улам Триполидеги университеттер убактылуу жабылды.

Эске салсак, Ливия 2014-жылдан бери саясий бөлүнүүнү баштан кечирип келет: Батыш Ливияда Бириккен Улуттар Уюму тааныган өкмөт, ал эми Чыгышта Тобрукта жайгашкан парламент өз ара бийликке умтулуп келет.

Гезит

Кышты көркөмдөгөн Олимпиада

Бул айда дүйнөнүн спорт сүйүүчүлөрүнүн көңүлү Италияга бурулду. Милан жана Кортина-д’Ампеццо шаарлары Кышкы олимпиада оюндарына кожоюн болуп, адамзаттын эң ири спорттук майрамдарынын бирин өткөрүүгө...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар