whatsapp: +996 501 86 00 89
call-squared
тел: +996 508 07 07 20
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
19.02.2026
7.1 C
Бишкек
Башкы беткеМинистрлер кабинетиУКМКнын Академиясына курсанттарды кабыл алат

УКМКнын Академиясына курсанттарды кабыл алат

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин А.Бакаев атындагы академиясы 5 жылдык окуу мөөнөтү менен курсанттарды кабыл алууну жарыялады.

УКМКнын маалыматына ылайык, документтер 2026-жылдын 2-февралынан 27-февралына чейин кабыл алынат.

Академияга тапшырууну каалаган талапкерлердин жаш курагы 17 жаштан 21 жашка чейин болушу керек. Ошондой эле талапкерлердин бою 170 сантиметрден кем эмес, салмагы кеминде 60 килограмм болушу зарыл.

Талапкерлерге коюлуучу негизги талаптар:

  • орточо баллы 4төн төмөн эмес толук орто билими жөнүндө аттестат же орто кесиптик билими тууралуу диплом;
  • талапкердин жана анын жакын туугандарынын сот жообуна тартылбаган болушу;
  • талапкердин жана жакын туугандарынын чет мамлекеттин жарандыгы болбошу керек.

Документтердин толук тизмеси жана тандоо жол-жобосу тууралуу маалымат УКМКнын www.gknb.gov.kg расмий сайтында жарыяланган.

Гезит

Окурман журтту кайра жаратуу

Жалпы улуттук “Кыргыз Туусу” гезити китеп окуу маданиятын калыптандыруунун актуалдуу маселелерин талкулоо максатында “Окурман журтту кайра жаратуу” аттуу тегерек үстөл өткөрүп, ага Кыргыз Республикасынын...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар