Израилдин Жакынкы Чыгыштагы активдүү аракеттери, араб-еврей мамилелерин жөнгө салуу процессине таасир этүүдө. Тель-Авивдин Катардагы ХАМАСтын саясий жетекчилиги жайгашкан деген жайларга абадан чабуулу абалды ого бетер курчутту дешет эксперттер. Авраам келишими деп аталган тынчтык процессине доо кетти. Араб мамлекеттеринин Лигасына жана Ислам кызматташтыгы уюмуна кирген өлкөлөрдүн 15-сентябрда Дохада өткөн саммитинде Израилдин Газадагы жана Катардагы аракеттери катуу айыпталып, “геноцид”, “этникалык тукум курут”, “мамлекеттик терроризм” жана “аскерий кылмыш” деп аталып, Дохага чабуул бүтүндөй араб дүйнөсүнө каршы агрессия катары сыпатталды. Саммитте “агрессияга жооп берүү зарылдыгы” белгиленди. Демек, агрессияга жооп катары аскерий биримдик жана блок керек дешти саммитте айрым араб мамлекеттеринин жетекчилери.
Араб мамлекеттеринин саммитинде бириккен араб куралдуу күчтөрүн” түзүү идеясы талкууланды. НАТОнун үлгүсүндөгү согуштук-саясий биримдик түзүү идеясы жаңы деле эмес. Мындан 10 чакты жыл мурда араб мамлекеттеринин бириккен аскерий блогу Иранды ооздуктоонун натыйжалуу каражаты катары сунушталган. Бирок кайсы бир себептерден улам реалдуу уюм эмес, дискуссиянын предмети бойдон калган эле. Эми минтип Израилге каршы аскерий блок түзүү маселеси Араб мамлекеттеринин Лигасына жана Ислам кызматташтыгы уюмуна кирген өлкөлөрдүн саммиттин талкуусуна айланышы көп нерседен кабар берет.
Дегеле согуштук жана өзөктүк курал колдонуу риторикасы ар кандай мамлекеттердин лидерлеринин оозунан улам өктөм чыгып жатканы өтө кооптуу жагдай.

