Кыргызстанда геологдордун кесиптик майрамы белгиленүүдө, тармак өкүлдөрүн Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев куттуктады.
Өз куттуктоосунда ал геологдор өлкөнүн жаратылыш байлыктарын изилдөөдө жана экономиканын өнүгүшүнө салым кошууда маанилүү роль ойной турганын белгиледи. Анын айтымында, геология тармагы өнөр жай, энергетика жана курулуш сыяктуу негизги тармактарды өнүктүрүүдө өзгөчө мааниге ээ.
Ошондой эле акыркы жылдары тоо-кен тармагынан мамлекеттик бюджетке түшкөн кирешелердин өсүшү геологдордун эмгегинин натыйжалуулугун далилдей турганы айтылды.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы тармактын ардагерлерине өзгөчө ыраазычылык билдирип, жаш адистерди колдоо, жаңы кендерди изилдөө жана жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу маанилүү багыттардын бири экенин баса белгиледи.
Куттуктоо соңунда геологдорго чың ден соолук, ийгилик жана жаңы ачылыштар кааланды.

