8-гвардиялык дивизияга жаңы штаб курулат

Куралдуу күчтөрдүн 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын жаңы штабынын курулушуна капсула салуу аземи өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага коргоо министри Руслан Мукамбетов катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Азем дивизиянын өздүк курамынын катышуусунда салтанаттуу түрдө уюштурулду.

Министрликтин билдирүүсүндө белгиленгендей, капсуланын салынышы аскердик инфраструктураны өнүктүрүүнүн жана өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоонун маанилүү этабы болуп саналат.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз