Беш байланыш операторуна улуттук макамы берилди

0
5683

Кыргызстандын Министрлер Кабинети телекоммуникация тармагындагы беш компанияга улуттук оператор макамын берди. Тиешелүү №104 токтомго 2026-жылдын 13-февралында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон. Чечим жаңы Санариптик кодекстин талаптарына ылайык кабыл алынган.

Улуттук оператор макамын алган компаниялар:

  • Альфа Телеком (MEGA бренди);

  • Скай Мобайл (Beeline бренди);

  • Кыргызтелеком;

  • Акнет;

  • ЭлКат.

Бул макам компанияларга Санариптик кодекстин 134-беренесинде каралган милдеттерди жүктөйт. Ага ылайык, улуттук операторлор өлкөнүн маалыматтык эгемендүүлүгүн бекемдөө, байланыш инфраструктурасын өнүктүрүү жана стратегиялык санариптик долбоорлорду ишке ашыруу боюнча иштерди жүргүзүшөт.

Өкмөттүн маалыматына караганда, бул чечим санариптик чөйрөдөгү коопсуздукту жогорулатууга жана байланыш кызматтарынын сапатын жакшыртууга багытталган.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз