Башкы беткеМаанилүүКыргызстанда Азербайжандын маданий күндөрү башталды

Кыргызстанда Азербайжандын маданий күндөрү башталды

Кыргызстанда Азербайжандын маданият күндөрү башталды. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, иш-чара 20-апрелден 25-апрелге чейин созулат. 

Маданий иш-чаралардын программасы:

21-апрель.

Саат 15:00 – Азербайжан улуттук мурас искусствосу көргөзмөсү (Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде);

Саат 19:00 – Азербайжан искусствосунун чеберлери катышкан гала концерт (Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында).

22-апрель

Саат 14:30 – Азербайжан адабияты бурчунун ачылышы (Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада);

Саат 15:00 – Бахтияр Вахабзаденин китебинин бет ачары (Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада);

Саат 19:00 – Азербайжан мамлекеттик бий ансамблинин концерти (Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында).

23-апрель

Саат 16:00 – Азербайжан мамлекеттик пантомима театрынын режиссёру Жейхун Дадашовдун мастер-классы (Чыңгыз Айтматов атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук орус драма театрында);

Саат 19:00 – Азербайжандын улуу композитору Узейир Гаджибейлинин 140 жылдыгына арналган симфониялык музыка кечеси (Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында).

24-апрель

Саат 16:00 — Салттуу музыкалык аспаптар ансамблинин концерти (Кыргыз улуттук “Манас” театрында);

Саат 19:00 – Джаз музыкасынын кечи (Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында).

Гезит

Волны из Ормуза доходят до Бишкека

              Глобальные экономические события последней недели наглядно показали, насколько тесно связаны мировые энергетические рынки и повседневная жизнь в...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар