Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыЖапониянын тарыхында биринчи жолу аял премьер-министр болду

Жапониянын тарыхында биринчи жолу аял премьер-министр болду

 Жапониянын парламенти премьер-министрлик кызматка Санаэ Такаитини тандады. Ал өлкө тарыхында бул кызматты аркалаган алгачкы аял болуп калды.

465 депутаттын ичинен 237си Такаитиге, ал эми анын атаандашы — Конституциялык-демократиялык партиянын лидери Ёшихико Нодага 149 добуш берилди.

Жеңиштен кийин Такаитинин Либералдык-демократиялык партиясы “Жапониянын инновация партиясы” менен альянс түздү, эми жаңы өкмөт куралат.

64 жаштагы Такаити октябрь айынын башында Либералдык-демократиялык партиянын төрагалыгына шайланган. Ал партиядагы консервативдүү канаттын өкүлү катары белгилүү.

Либерал-демократтар 1955-жылдан бери дээрлик тынымсыз бийликте. Өткөн шайлоолордо орун жоготкону менен коалициянын жардамы аркылуу бийликте калууну улантып келет.

Гезит

Казакстандан кат (ЖУСУП АБДРАХМАНОВ)

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ               Казакстандын Көркөм Академиясы азыркы кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз АССРнын Совнаркомунун төрагасы, 1932-1933-жылдардагы Казакстандагы...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар