Башкы беткеМаанилүүПрезидент ата мекендик учкучсуз учуучу аппараттарды чыгарып баштоо тапшырмасын берди

Президент ата мекендик учкучсуз учуучу аппараттарды чыгарып баштоо тапшырмасын берди

Президент Садыр Жапаров “Дастан” ААКсынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 3-апрелде, “Дастан” трансулуттук корпорациясы ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Мамлекет башчысы бул уникалдуу заводдун өндүрүштүк кубаттуулугун, анын ичинде атайын продукцияларды чыгаруу боюнча иштеп жаткан линияларын көрүп чыкты.

Заводдун ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарынын бири — деңиз торпедалык куралдарын даярдоо болуп саналат.

Ишкана менен таанышуунун жүрүшүндө аны мындан ары өнүктүрүү жана модернизациялоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Президент Садыр Жапаров заманбап технологияларды активдүү киргизүү жана ата мекендик продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу зарылдыгын белгиледи.

Мындан тышкары Мамлекет башчысы тиешелүү мамлекеттик органдарга жана ишкананын жетекчилигине ата мекендик учкучсуз учуучу аппараттарды чыгарып баштоону уюштуруу маселесин тапшырды.

Бул тапшырма өлкөнүн коргонуу-өнөр жай потенциалын чыңдоого, жогорку технологиялык тармактарды өнүктүрүүгө жана импорттук продукцияга көз карандылыкты азайтууга багытталган.

«Дастан» ААКсы электрондук, медициналык жана башка өнөр жай продукцияларын иштеп чыгууну жана өндүрүүнү жүзөгө ашырган көп тармактуу ишкана болуп саналат.

Гезит

Марат САГЫМБАЕВ: «Жасалма интеллекттин чегинде өзүбүздү табууну унутпайлы»

      Кыргызстандын медицина тармагындагы эки илимпоз-окумуштуусу жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрүн жана чектерин философиялык багытта изилдешти. Алар биргелешип жазган ири монографияда өз ойлорунун жыйынтыгын сунушташкан. Авторлордун...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар