Голливудда тарыхый өзгөрүү болууда. 2029-жылдан тарта «Оскар» сыйлыгын тапшыруу аземи салттуу ABC телеканалынан YouTube платформасына өтөт. Бул тууралуу Америкалык киноакадемия менен YouTube ортосунда түзүлгөн келишимде белгиленди.
Макулдашууга ылайык, YouTube «Оскар» аземин түз эфирде көрсөтүү боюнча эксклюзивдүү укукка ээ болот. Мындан тышкары, кызыл килемден репортаждар, сахна артындагы материалдар жана Губернаторлор балы да платформа аркылуу берилип турат.
Ал эми 2028-жылы өтө турган — «Оскардын» 100-аземи мурдагыдай эле Disney компаниясына таандык ABC телеканалында көрсөтүлөт.
Акыркы жылдары телевидениеге кызыгуу азайып, «Оскар» аземин көргөндөрдүн саны жыл сайын кыскарып келген. YouTube’га өтүү менен шоу дүйнө жүзү боюнча 2 миллиардга жакын колдонуучуга түз эфирде жана акысыз жеткиликтүү болот деп күтүлүүдө.
Бул чечим кино индустриясынын санариптик платформаларга ыктаганын жана салттуу телекөрсөтүүдөн акырындап алыстап жатканын айгинелейт.


