whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
22.04.2025
14.6 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктары"Чоң жети" Сумы боюнча чечим кабыл ала алган жок

«Чоң жети» Сумы боюнча чечим кабыл ала алган жок

Америка Кошмо Штаттары «Чоң жетинин» (G7) Орусиянын Сумыга болгон кандуу чабуулун айыптаган билдирүүсүн колдобойт. Алар буга Вашингтон менен Москванын ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын негиз кылды. Бул тууралуу Bloomberg басылмасы жазды.

Агенттик АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы Кремль менен Ак үйдүн өкүлдөрү ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын жана бул учурда «сүйлөшүүлөр үчүн шарт түзүү маанилүү» экенин себеп кылганын жазды.

Bloomberg ички булактарына таянып «Чоң жетиге» (G7) төрагалык кылган Канада Вашингтондун колдоосу жок билдирүү кабыл алуу мүмкүн эместигин өнөктөштөрүнө билдирген.

Орусиянын армиясы жекшембиде Украинанын Сумы шаарынын борборун баллистикалык ракета менен аткылаганы айтылат. Ал эми Украина ал соккудан 35 киши каза тапканын, 100дөн ашууну ар кандай жараат алганын билдирген.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар