Кыргыз Республикасынын Венгриядагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Талант Чойбекович КУШЧУБЕКОВ гезитибиздин бир катар суроолоруна жооп берди.
– Урматтуу Элчи мырза, жаңы имарат кут болсун. Мындан төрт жыл мурда ачылган элчиликтин өзүнүн имаратына ээ болуп отурушу кубанычтуу. Бул имаратка Президент Садыр Жапаров да келип кеткен. Эгемендүү мамлекет үчүн дипломатиялык миссиянын имаратын ижарага алуу – бери болгондо көп чыгымга алып келет эмеспи. Эми болсо өз имаратыңыздар бар. Ушундан улам сурайлы дегенибиз классикалык элчиликти түзүүгө жетише алдыңыздарбы?
– Жылуу сөздөрүңүзгө жана куттуктоолоруңузга чоң рахмат. Чынында эле, Кыргыз Республикасынын Будапешттеги Элчилигин ачуу жана ага өздүк имарат сатып алуу Президент Садыр Жапаровдун демилгеси жана чечими менен мүмкүн болду. Элчилик үчүн кеңсе сатып алуу дипломатиялык миссиябызды чыңдоодо жана кыргыз-венгер мамилелеринин жогорулап баратканын көрсөтүүдө олуттуу кадам болгону шексиз. Биздин өлкөнүн максаты жөн гана имарат сатып алуу эмес, ошондой эле иштөөгө, делегацияларды кабыл алууга жана ар кандай деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүүгө ылайыктуу шарттары бар, толук кандуу, классикалык элчиликти түзүү болчу. Азыр биз жалпысынан Элчиликтин жана анын кызматкерлеринин дипломатиялык милдеттерин толук аткаруу үчүн бардык зарыл шарттар бар деп ишенимдүү айта алабыз.
– Өткөн жылдын сентябрь айында медиа агенттиктердин бирине берген маегиңизде кыргыз-венгер мамилелери “ренессанс” доорун башынан өткөрүп жатканын бидирген элеңиз. Окурманга муну менен эмнени айткыңыз келгенин айтып бересизби?
– Мен «ренессанс» деген терминди тегин колдонгонум жок, анткени биз чындыгында эки тараптуу мамилелерибиздин өнүгүүсүндө сапаттык жактан жаңы этапты байкап жатабыз. Белгилүү болгондой, мындан 10 кылым мурда Түштүк Урал, Борбор Азия жана Алтайдын кең мейкиндигинде бирге жашаган, арасында кыргыз уруулары да болгон көчмөн элдер – көчмөн цивилизациянын негизин түзгөн.
Белгилүү тарыхый окуялардан улам алардын бир бөлүгү, Аттиланын жетекчилиги астында Дунайдын жээгиндеги талааларга көчүп кетип, алардын ортосундагы туугандык байланыштар көптөгөн кылымдарга үзүлгөн. Эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин Борбордук Азиянын түрк тилдүү өлкөлөрү Венгрия менен мамлекеттер аралык толук кандуу байланыштарды түзө баштады, алардын катарында Кыргыз Республикасы да четте калган жок.
Азыр бул нерсе бардык жаатта: жогорку деңгээлдеги саясий диалогдон баштап, экономикалык жана гуманитардык байланыштарды жандандырууга чейин байкалууда. Венгриялык өнөктөштөрдүн бизге болгон чыныгы кызыгуусун жана ниетин көрүп жатабыз, бул конкреттүү биргелешкен долбоорлордо, инвестициялык демилгелерде, билим берүү программаларында жана маданий алмашууларда чагылдырылууда. Бул чыныгы «ренессанс» эмеспи, башкача айтканда, жаңы тарыхый шарттарда – формалдуу эмес, конкреттүү мазмунга толгон кайра жаралуу болуп саналат.
– Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1992-жылы түзүлгөн. Эки өлкөнүн кызматташтыгы жогорку деңгээлге чыгып, саясий лидерлердин ортосунда динамикалуу диалог түзүлдү. Жогорку деңгээлдеги иш сапарлар, консультациялар жана жолугушуулар буга далил боло алат. Албетте, мындай байланыштар маанилүү, бирок жетишилген келишимдерди ишке ашырууда жана жылуу маанайды сактоодо кыйынчылыктар да болушу мүмкүн эмеспи?
– Ар кандай эл аралык мамилелердегидей эле, келишимдерди ишке ашырууда белгилүү бир кыйынчылыктар келип чыгат. Бул мыйзамдардагы айырмачылыктарга, бюрократиялык жол-жоболорго же логистикалык маселелерге байланыштуу болушу мүмкүн. Ошентсе да, бардык деңгээлдерде туруктуу жана конструктивдүү диалогдун болушу, ошондой эле тараптардын каалоосу жана жакшы ниетинин аркасында биздин өлкөлөр бул тоскоолдуктарды жеңип жатат. Акыр-аягы, биздин жалпы максатыбыз — жөн гана макулдашууларга жетишүү эмес, аларды конкреттүү натыйжаларга жеткирүү. Бул багытта биз жана биздин венгер коллегаларыбыз тараптан көп күч жумшоого туура келет.
– Эки өлкөнүн ортосунда кызматташуунун институционалдык формалары бар: кыргыз-венгер стратегиялык кеңеши, өнүктүрүү фонду, ишкерлер кеңеши, биргелешкен өкмөттөр аралык комиссия жана башкалар. Бул суроолорду жогоруда аталган органдарга жолдогонду туура көрсөңүз да, эл аралык саясатта тышкы иштер министрлиги негизги ролду ойнойт эмеспи. Эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыктын масштабы, мүнөзү жана динамикасы тууралуу айта кетсеңиз?
– Бүгүнкү күндө биздин кызматташтык көптөгөн тармактарды жана маселелерди камтыйт. Стратегиялык кеңеш, Кыргыз-венгер өкмөттөр аралык комиссиясы жана өнүктүрүү фонду өз ара пайдалуу кызматташтыкты ишке ашыруунун маанилүү институттары жана механизмдери болуп калды.
Стратегиялык кеңеш эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин башчыларынын жетекчилиги астында жыл сайын жыйындарды өткөрүп, анда мамлекет жана өкмөт башчыларынын алмашуу визиттеринин жана жолугушууларынын жүрүшүндө жетишилген макулдашуулардын аткарылышына талдоо жүргүзүлөт. Өлкө жетекчилеринин кароосуна саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө өз ара пайдалуу кызматташтыкты тереңдетүү боюнча жаңы сунуштар киргизилет, алар макулдашылгандан кийин аларды этап-этабы менен ишке ашыруу боюнча Жол картасы түрүндө түзүлөт. Өзгөчө белгилей кетүүчү нерсе, акыркы убакта Өнүктүрүү фондунун ролу жана салымы эки тарапты тең канааттандырат. Фонд биздин өлкөдө айыл чарба, гидро-энергетика жана электротехника тармактарында бир катар долбоорлорду ишке ашырууга колдоо көрсөттү. Буга байланыштуу, венгер тарап анын уставдык фондун 50 млн. долларга чейин жеткирүү чечимин кабыл алды, бул эки өлкөнүн ишкер чөйрөсү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Ошондой эле, биз биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын алкагында соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү боюнча активдүү иш алып баруу-
дабыз, анын 4-жыйыны үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында Будапешт шаарында өтөт. Эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы кызматташтыкты издөө жана түзүү боюнча маанилүү элементтердин бири – бул тараптардын Бишкек жана Будапешт шаар-
ларында үзгүлтүксүз биргелешкен бизнес-форумдарды өткөрүп турушу. Натыйжада, акыркы 3 жылда биздин өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара сооданын көлөмү дээрлик эки эсеге көбөйүп, 14 млн. доллардан ашкандыгын айта алабыз.
Маданий-гуманитардык жана билим берүү тармагы да эки тараптуу кызматташтыктын маанилүү багыты болуп саналат. Бул тармакка жогорку окуу жайлар аралык кызматташуу, кыргызстандык студенттер үчүн Венгриянын жогорку окуу жайларында окуу үчүн стипендиялык программа, ар бир өлкөдө көргөзмөлөрдү жана концерттерди, маданият жана кино күндөрүн өз ара өткөрүү кирет.
– «От дегенден ооз тил күйбөйт» деп айтылат. Биз чет элдик инвесторлорду тынымсыз чакырабыз, бирок биз аларга канчалык деңгээлде кызыктуубуз? Алардын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү кандай? Ушуга токтоло кетсеңиз?
– Кыргызстан инвесторлор үчүн бир нече себептерден улам кызыктуу: жаратылыш байлыктары, ЕАЭБга мүчөлүгүнө жана Кытай Эл Республикасы менен жалпы чек арасынын болушуна байланыштуу ыңгайлуу географиялык абалы, жаш эмгек рыногу жана инвестициялык климатты жакшыртууга багытталган аракеттери, анын ичинде олуттуу салыктык жана административдик жеңилдиктердин берилиши. Ошону менен бирге, акыркы жылдары Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун жетекчилиги астында биздин өлкө тышкы саясатта, экономикада, социалдык тармакта жана маанилүү инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда жетишкен эбегейсиз ийгиликтер чет өлкөлөрдөгү саясатчылар менен инвесторлордун Кыргызстанга болгон урмат-сыйын жана чыныгы кызыгуусун жаратууда. Венгрия да бул жагынан четте калбайт. Венгрия өкмөтү өзүнүн артыкчылыктарынын жана мүмкүнчүлүктөрүнүн алкагында биздин агроөнөр жай тармагына, жашыл экономикага жана кайра жаралуучу энергия булактарына туруктуу кызыгуусун көрсөтүүдө. Туризм тармагы да өз ара пайдалуу кызматташуу үчүн келечектүү багыт болуп саналат.
– Жакында эле «Чыгыш менен Батыштын жолугушуу жайы» деп аталган бейформал саммит болуп өттү. Анын жыйынтыгында Будапешт билдирүүсү кабыл алынып, анда Түрк мамлекеттеринин уюмунун (ТМУ) жалпы көз караштары жана стратегиялык багыттары тастыкталды. Буга байланыштуу бир нече суроолор: 1. Эмне үчүн бул бейформал саммит ТМУнун тарыхында биринчи жолу байкоочу-мамлекеттин демилгеси менен жана анын аймагында өттү? 2. Венгриянын түрк дүйнөсү менен жакындашууга жана байыркы тарыхый тамырларына кайтууга умтулуусу эмне менен түшүндүрүлөт? 3. Будапешт билдирүүсүнүн саясий мааниси эмнеде жана анын геосаясий контексти кандай?
– ТМУ саммитинин европалык байкоочу мамлекеттин аймагында өтүшү — болуп көрбөгөндөй окуя, бул Венгриянын түрк тилдүү дүйнөдөгү жогорку кадыр-баркынан кабар берет. Венгрия «Чыгышка ачыктык» тышкы саясий доктринасынын алкагында түрк элдери менен жалпылыгын баса белгилеп, өзүнүн тарыхый тамырларына активдүү кайтып жатат. Мындай кадамдар тарыхый аспектилер менен гана эмес, ошондой эле Премьер-министр В.Орбан башында турган Венгрия өкмөтүнүн инвес-
тицияларды тартуу жана өнүгүп жаткан Чыгыш өлкөлөрү, анын ичинде ТМУга кирген түрк тилдүү мамлекеттер менен кызматташуу үчүн жаңы рынокторду издөөгө багытталган ийгиликтүү прагматикалык саясаты менен шартталган.
Бул контекстте Венгриянын ТМУ Катчылыгынын Европалык бөлүмүн Будапешт шаарында ачуу демилгеси абдан логикалык жана мыйзам ченемдүү болду. Ошентип, Венгрия жана ТМУ Катчылыгынын Будапешттеги бөлүмү ТМУ өлкөлөрү менен Европа өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүү үчүн ишенимдүү байланыштыруучу звено жана көпүрө болуп калат деп күтүлүүдө. Жогоруда айтылгандарды жана Венгриянын географиялык жайгашуусун эске алганда, бул саммиттин «Чыгыш менен Батыштын жолугушуу жайы» урааны астында өтүшү кокустук эмес.
Акыркы жылдардагы дүйнөлүк коомчулук туш болгон жаңы чакырыктар жана коркунучтарга байланыштуу, Будапешт билдирүүсүнүн мааниси — ал ТМУнун коопсуздук, туруктуу өнүгүү жана маданий кызматташуу жаатындагы стратегиялык артыкчылыктарын бекитип, уюмдун биримдигин бекемдеп жана эл аралык аренадагы таасирин күчөтөт.
– Президент Садыр Жапаров эл аралык деңгээлдеги демилгелерди көтөрүүдө жана алардын көбү колдоо таап жатат. Будапешттеги венгер коомчулугунун жана дипломатиялык корпусунун бул демилгелерге, идеяларга жана сунуштарга болгон кызыгуусу кандай?
– Венгер тарап жана дипломатиялык корпус жалпысынан Президент Садыр Нургожоевич Жапаровдун демилгелерин, өзгөчө ТМУну өнүктүрүү, экологиялык программалар жана Кыргызстандын динамикалуу өнүгүп жаткан экономикасынын негизинде аймактык кызматташтыкты күчөтүү контекстинде кызыгуу менен байкап турушат. Биз жогорку деңгээлдеги урмат-сыйды жана колдоону көрүп жатабыз, бул биргелешкен форумдарга, инвестициялык долбоорлорго жана эл аралык демилгелерге катышууга даярдыгыбызда чагылдырылат.
– Элчи барган өлкөсүнүн маанайын сезип, болуп жаткан процесстердин маңызын жакшы түшүнөт эмеспи. Венгрия – социалисттик өтмүштөн эчак эле чыккан Европа мамлекети. Балким, улуу муун Кыргызстанды жакшы эстесе керек. Ал эми жаштар – алар эмнеге багыт алышкан, кайда карап жатышат?
– Венгриянын улуу мууну Кыргызстан тууралуу, өзгөчө совет доорунда бизге келип кеткендер, чындап эле жакшы эскерүүлөрдү сактап калышкан. Учурдагы жаштарга келсек, алар көбүрөөк европалык маданиятка багыт алышкан, бирок академиялык алмашуу программалары, маданий иш-чаралар жана санариптик платформалардын аркасында бизде жаңы муунду Кыргызстан менен тааныштырууга мүмкүнчүлүк бар. Жалпы Борбордук Азияга жана анын ичинде Кыргызстанга болгон кызыгуу бара-бара өсүүдө, биз аны бекемдөө боюнча активдүү иштеп жатабыз.
– Бул суроо Венгрияга түздөн-түз тиешеси жок болсо да, аны тажрыйбалуу дипломат жана терең билимдүү адам катары сизге берүүгө уруксат этиңиз. Согуш расмий түрдө жарыяланбаса да, кан төгүлүп жатат. Дүйнө куралдуу кагылышуулардан арылуунун ордуна, тескерисинче, күчөп баратат. Эл аралык укукту сактоо барган сайын көйгөйлүү болуп, глобалдык уюмдардын кадыр-баркы төмөндөөдө. Бул абалдан кантип чыкса болот? Балким, жаңы дүйнөлүк тартип керек чыгаар?
– Сиз туура айтасыз, азыркы дүйнө татаал мезгилди баштан кечирүүдө. Жаңжалдар тереңдеп, эл аралык институттарга болгон ишеним азайып жатат. Бирок, дипломатия кризистерди алдын алуунун жана жөнгө салуунун жалгыз алгылыктуу жана негизги универсалдуу куралы бойдон кала берери талашсыз.
Менин оюмча, эл аралык укуктун үстөмдүгүн чыңдоо, пайда болгон коркунучтарга жана чакырыктарга адекваттуу жооп кайтарып, адилеттүү чечимдерди таба алган глобалдык башкаруу түзүмдөрүн реформалоо, регионалдык бирикмелердин ролун жана өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү — бул азыркы кырдаалдан чыгуунун негизги жолдору болуп саналат.
Бул суроо талкуу жарата турган суроо экени жана алдыңкы илимий борборлордун, саясатчылардын жана дипломаттардын тыкыр изилдөөсүнүн жана талдоосунун объектиси болуп калганы талашсыз. Кыязы, адамдын жана коомдун коопсуздугу, бардык мамлекеттердин жана элдердин тең укуктуулугу жана туруктуу өнүгүүсү, эл аралык жана мамлекеттер аралык мамилелерде күч колдонуу жана күчтүүнүн укугун колдонбоо негизги орунга коюлушу керек болгон глобалдык тартиптин принциптерин жана ишмердүүлүгүн кайра карап чыгуу учуру келди.
Маектешкен Анара АРЗЫБАЙ кызы,
“Кыргыз Туусу”

