Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков кытайлык Цюаньибао компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.
Министрликтин маалыматына ылайык, кызматташуунун алкагында кытай тарап Кыргызстанга кайтарымсыз негизде 12 даана учкучсуз учуучу аппарат (дрон) берди. Бул жабдуулар айыл чарба тармагында колдонулуп, өсүмдүктөрдү коргоо, айыл чарба жерлерине мониторинг жүргүзүү жана жасалма жол менен жаан-чачын чакыруу иштеринде пайдаланылат.
Жолугушууда тараптар мындан аркы кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн жана биргелешкен долбоорлорду талкуулашты. Атап айтканда, дрондорду пайдалануу боюнча адистерди даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу үчүн атайын окуу борборун түзүү маселеси каралды.
Мындан тышкары, келечекте Цюаньибао компаниясы Кыргызстанда учкучсуз учуучу аппараттарды чыгаруучу завод куруу долбоорун ишке ашырууну пландап жатканы айтылды.


