whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
22.04.2025
14.6 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүА.Касымалиев: "Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары мамлекеттин көңүл борборунда болушу керек"

А.Касымалиев: «Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары мамлекеттин көңүл борборунда болушу керек»

Өкмөт башчы Адылбек Касымалиев Министрлер Кабинетине караштуу Үй-бүлө, гендердик өнүктүрүү, социалдык коргоо жана балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча улуттук кеңештин кезектеги жыйынын өткөрдү.  

Жыйындын жүрүшүндө Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык жардам көрсөтүү боюнча талдоосу жана 2030-жылга чейин гендердик теңчиликке жетишүү боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиясын ишке ашыруунун 2025-2027-жылдарга карата Планынын жаңы долбооруна сереп берилди.

Адылбек Касымалиев балдардын укуктарын коргоодо, аларга сапаттуу билим берүү жана саламаттыгын сактоодо тийиштүү ведомстволордун натыйжалуу ишинин маанилүүлүгүн белгиледи.

«Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары жана калктын социалдык жактан аялуу катмары мамлекеттин көңүл борборунда болушу керек. Социалдык кызматтардын ишинин жогорку деңгээлин камсыз кылуу жана көрсөтүлгөн жардам мүмкүн болушунча даректүү болушу жана ага чындап муктаж болгондорго жетүүсү үчүн социалдык жардам көрсөтүү механизмдерин өркүндөтүү маанилүү», – деди ал.

Жыйындын жүрүшүндө калктын социалдык аялуу катмарындагы балдарды колдоо механизмин өркүндөтүү маселелери талкууланып, ошондой эле социалдык коргоо жана балдардын укуктарын коргоо жаатындагы мамлекеттик саясатты өркүндөтүү боюнча сунуштар каралды.

Иш-чаранын катышуучулары социалдык программаларды натыйжалуу ишке ашыруу үчүн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү бийлик органдарынын, эл аралык жана коомдук уюмдардын ортосундагы ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү жана координациялоону мындан ары да күчөтүү зарылдыгын белгилешти.

Улуттук кеңештин жыйынынын соңунда мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына бир катар тапшырмалар берилди.

Анда, мектепке чейинки билим берүү кызматтарын каржылоонун ваучердик механизмин пилоттук тестирлөө боюнча жумушчу топту түзүү, мектепке чейинки билим берүү кызматтарын каржылоонун ваучердик механизмин пилоттук тестирлөөнүн аймактарында үймө-үй кыдырып сурамжылоо жүргүзүү, Баткен облусунун чек арага жакын аймактарында, бийик тоолуу, алыскы аймактарында калктын социалдык жактан аялуу катмарынын, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын аныктоо тапшырмалары кирди. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократиядан арылтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндөгү Президенттин Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына мамлекеттик жөлөкпулдарды алуу үчүн арыздарды берүү маселелерин карап чыгуу тиешелүү ведомстволорго тапшырылды.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар