Башкы беткеМаанилүүБишкекте ШКУ өлкөлөрүнүн Чек ара кызматтарынын жетекчилеринин жыйыны өтүүдө

Бишкекте ШКУ өлкөлөрүнүн Чек ара кызматтарынын жетекчилеринин жыйыны өтүүдө

Бишкекте «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында ШКУга мүчө мамлекеттердин Чек ара кызматтарынын жетекчилеринин XI жыйыны өтүүдө.

Отурумга Беларусь, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын чек ара ведомстволорунун жетекчилери, ошондой эле ШКУнун АТКСнын Аткаруу комитетинин жана КМШнын тиешелүү өнөктөш түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышууда.

Жолугушууда ШКУ өлкөлөрүнүн чек араларындагы абал, анын өнүгүү багыттары жана келечектеги тобокелдиктер, «Тилектештик – 2024» операциясынын жыйынтыгы талкууланып, кызматташтыкты өркүндөтүү боюнча сунуштар каралат. Ошондой эле уюмга мүчө өлкөлөрдүн чек араларында жаралышы мүмкүн болгон жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы турууда жалпы позиция иштелип чыгат.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар