Башкы беткеЖогорку КеңешКыргызстан менен Австриянын ортосундагы парламенттер аралык кызматташтык бекемделет

Кыргызстан менен Австриянын ортосундагы парламенттер аралык кызматташтык бекемделет

Бүгүн, 21-апрелде Жогорку Кеңешинин Төрагасынын биринчи орун басары Медербек Алиев Венада өтүп жаткан адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча Альянстын 26-конференциясынын алкагында Австриянын Улуттук кеңешинин Төрагасы Вальтер Розенкранц менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар Кыргызстан менен Австриянын ортосундагы парламент аралык кызматташтыкты өркүндөтүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулады. Парламенттик дипломатиянын алкагында өз ара аракеттешүүнү бекемдөөгө, өз ара иш сапарлар практикасын кеңейтүүгө,  ошондой эле парламенттик топтор ортосундагы байланышты өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Мындан тышкары, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык маселелери да козголду. Аны менен катар, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуу, ошондой эле эки өлкөнүн эл аралык жана көп тараптуу платформалардагы өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.

Эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү чыңдоонун негизи катары гуманитардык жана маданияттар аралык диалогдун маанилүүлүгү да баса белгиленди.

 

Гезит

Волны из Ормуза доходят до Бишкека

              Глобальные экономические события последней недели наглядно показали, насколько тесно связаны мировые энергетические рынки и повседневная жизнь в...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар