whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
23.04.2025
19.7 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүСадыр Жапаров Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басарын кабыл алды

Садыр Жапаров Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басарын кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-апрелде, Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчукту анын Кыргызстанга сапарынын алкагында кабыл алды. 

Мамлекет башчысы өкмөттүн төрагасынын орун басарынын сапары жемиштүү болуп, ал эми жетишилген макулдашуулар өзгөчө өз ара түшүнүшүүгө жана толук ишенимге негизделген стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да бекемдөөгө өбөлгө болоруна ишеним билдирди.

Садыр Жапаров соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясы абдан ийгиликтүү иштеп жатканын канааттануу менен белгиледи.

Ал Кыргызстан менен Россия мындан ары да бардык тармактарда кеңири форматтагы кызматташтыкты өнүктүрүү аркылуу өз ара тыгыз аракеттешүүгө даяр экенин баса көрсөттү.

Өз кезегинде өкмөттүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы кызматташтык өз ара урматтоо, тең укуктуулук жана эки жактын кызыкчылыктарын эске алуу принциптеринде курулгандыгын баса белгиледи.

Ал ошондой эле мамлекет башчысын Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселесинин ийгиликтүү чечилиши менен куттуктап, эки союздаш ортосундагы тынчтык жолу менен жөнгө салуу Россия үчүн бүткүл Борбор Азиядагы туруктуулуктун маанилүү фактору экенин айтты.

Алексей Оверчук эки өлкөнүн интеграциялык бирикмелердин (ЕАЭБ, КМШ, ШКУ, ЖККУ) алкагындагы өз ара аракеттенүү деңгээлине канааттануу билдирип, Евразия экономикалык биримдигинин алкагындагы өлкөлөрдүн жигердүү жана жемиштүү кызматташтыгын баса көрсөттү. Ал белгилегендей, Кыргызстандын бул процесстерге катышуусу өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө жана бүтүндөй биримдиктин дараметин кеңейтүүгө чындап түрткү берди.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар