Башкы беткеЖогорку КеңешМарлен Маматалиев Казакстандын элчиси Рапиль Жошыбаевди кабыл алды

Марлен Маматалиев Казакстандын элчиси Рапиль Жошыбаевди кабыл алды

Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Казакстандын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Рапиль Жошыбаевди кабыл алды. Анда тараптар эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Жолугушууда Төрага Кыргызстан боордош кыргыз-казак элдеринин байланышын чыңдоого өзгөчө көңүл бурарын белгиледи. Анын айтымында, акыркы жылдары эки мамлекет башчыларынын аракетинин натыйжасында жакын коңшулук жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелер бардык тармактарда жигердүү өнүгүп жатат. Ошондой эле Жогорку Кеңеш парламенттик дипломатия аркылуу жетишилген келишимдерди ишке ашырууга кызыкдар экенин кошумчалады.

Маматалиев Казакстанда жаңы Конституциянын долбоору боюнча өткөн референдумдун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, ага Жогорку Кеңештин депутаттары да байкоо салганын айтты.

Мындан тышкары, парламенттер аралык кызматташтыкты КМШ ПАА, ЖККУ ПА жана ТүркПА сыяктуу эл аралык аянтчалар аркылуу өнүктүрүү маселеси сөз болду. Төрага өткөн жылы Астанада өткөн Парламенттер аралык кеңештин III жыйынын эске салып, быйыл кезектеги жыйын Кыргызстанда өтөрүн белгиледи.

Өз кезегинде элчи Рапиль Жошыбаев жүргүзүлүп жаткан дипломатиялык иштер тууралуу маалымат берип, парламент депутаттарына колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле соода-логистикалык маселелерди чечүү жана чек арадагы өткөрмө жайларынын ишин жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан долбоорлор тууралуу айтты.

Гезит

Социалдык тармактар экстремисттик жана террористтик уюмдардын заманбап куралына айланууда

Туура, азыр социалдык тармактарсыз жашоо жок. Бул реалдуулук. Адамдар кыска, тез тарама, анча акылды талап кылбаган тексттерге байланды да калды. Бул жагдайды экстремисттик, кылмыштуу...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар