Башкы беткеМаанилүүОрунбеков: Президенттин убадалары ишке ашып, азыркы тапта 11 аэропорт иштеп жатат

Орунбеков: Президенттин убадалары ишке ашып, азыркы тапта 11 аэропорт иштеп жатат

Президенттин убадалары ишке ашып, азыркы тапта өлкөдө11 аэропорт иштеп жатат. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.

Анын айтымында, 2022-жылдын 7-майында президент Садыр Жапаров “Каракол” эл аралык аэропортунун жаңы аэровокзалынын курулушуна капсула салуу учурунда айткан убада бүгүн ишке ашып жатканын жалпы эл көрүп турат. Ошол убакта президент 2026-жылга чейин өлкөдөгү бардык ички авиакаттамдарды калыбына келтирүү жана аэропортторду модернизациялоо боюнча конкреттүү пландарды жарыялаган.

“Бүгүнкү күндө республика боюнча жалпы 11 аэропорт иштеп жатат. Алар: «Манас», «Ош», «Ысык-Көл», «Каракол», «Баткен» эл аралык аэропорттору жана Нарын, Талас, Жалал-Абад, Кербен, Раззаков, Казарман сыяктуу аймактык аэропорттор”, — деди Орунбеков.

2950748_PJUJaZG.96bf952b6f6483f.max-320x180.format-webp.webp

Мындан тышкары, учурда “Ош” жана “Ысык-Көл” аэропортторунда жаңы терминалдар курулуп жатса, “Манас” аэропортунун учуп-конуу тилкеси жаңыланып, аэровокзал кеңейүүдө.

“Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу жаңы «Жалал-Абад» аэропортунун курулушу башталып, бүткөн соң ал эл аралык макамга ээ болот”, — деп кошумчалады ал.

Ал аэропорттордун өнүгүүсү өлкө аймактарынын ортосундагы байланыштарды жакшыртып, жарандар үчүн ыңгайлуу шарт түзүп, туризм жана экономикага чоң түрткү берерин баса белгиледи.

“Бул – жөн гана курулуш эмес. Бул — аймактарды жакындаткан, элдин жашоо шартын жеңилдеткен, туризмди өнүктүргөн жана экономикага дем берген чоң өзгөрүү! Элибиз үчүн ыңгайлуу, өлкөбүз үчүн сыймыктуу учур!” — деди Орунбеков.

Гезит

Казакстандан кат (ЖУСУП АБДРАХМАНОВ)

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ               Казакстандын Көркөм Академиясы азыркы кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз АССРнын Совнаркомунун төрагасы, 1932-1933-жылдардагы Казакстандагы...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар