whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
15.11.2025
13.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларАймактарКыргызстанда күйүүчү майдын запасы бир айга жетиши мүмкүн

Кыргызстанда күйүүчү майдын запасы бир айга жетиши мүмкүн

Нефтетрейдерлер ассоциациясынын башчысы Канатбек Эшатов Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын запасы бир айга жетип-жетпей турганын билдирди. Анын айтымында, айрым компанияларда бир айлык запас бар, кээ бирлеринде андан да аз. Мурда өлкөдө жок дегенде эки айлык күйүүчү май сакталчу.

Жай айларында башталган күйүүчү майдын кымбаттоосу күзүндө да уланууда. Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, учурда:

  • А-95 бензини – 80–82 сом,

  • А-92 бензини – 74–76 сом,

  • Дизель майы – 78–80 сом болуп чыкты.

Ассоциация баанын өсүшүн Орусиядагы мунай кайра иштетүүчү заводдордун ишинин токтошу менен түшүндүрүүдө. Заводдордун айрымдары Украинанын дрон чабуулдарынын кесепетинен ишин убактылуу токтоткон.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы да бааны кармап туруу мүмкүн эмес экенин билдирип, өсүштү Орусиядагы кырдаал менен байланыштырып жатат.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев мунай рыногун туруктуу камсыздоо маселеси боюнча кеңешме өткөрүп, баага көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасын берди.

Эл аралык энергетикалык агенттиктин маалыматына караганда, Орусиядагы мунай иштетүүнүн кыскарышы келерки жылдын орто ченине чейин уланышы ыктымал.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар