Бир карасаң, Ч.Айтматовдун “Ак кемесиндеги” Бугу-Энеден бешик алып келип берүүсүн сураган Баланы, бир жагынан “Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөттөгү” тумандуу деңизден жалгыз кайтып келе жатып жылдыздардан жардам сураган Киристи, анан да “Кыяматтагы” Ташчайнарынан ажыраган Акбаранын көз жашын эске салган бул эпизод Арслан Койчиевдин романында терең символикалуу идеялык-тематикалык, күчтүү эмоционалдык-экспрессивдик маани-мазмундук роль ойноп турат.
Каармандын көркөм образын жаратууда психологизм маселесинин ролу чоң. Ар түрдү кырдаалдагы каармандын мүнөз өзгөчөлүгүн сюжеттик өнүгүү багытына шайма-шай портреттик, интерьердик, кептик деталдар, таамай штрихтер, так аныктамалар аркылуу ачып берү жазуучудан кылдат чеберчиликти талап кылат. Психологизм маселеси “Бакшы жана Чыңгызхан” романында жогорку чеберчиликте иштегендигин көрөбүз.
Көркөм психологизм түз жана кыйыр, же башкача айтканда, каармандын жан дүйнөсүн автор түз баяндап, түшүндүрмө берген же каармандын ички абалы, кыймыл-аракети, мимикасы, кеп-сөзү ж.б. кыйыр берилген түрүндө болушу мүмкүн.
Ушул ыңгайда романдагы каармандарды кай жагынан алып карабайлы психологиялык жактан алар автор тарабынан чебер тактык менен берилгендигин көрөбүз. Мисалы, Сайчы уулдун бир учурдагы абалына автор төмөндөгүдөй түшүндүрмө берет: “Эмеле алыс айдасаң болбой, эмеле айланып келген, эмеле ыраак куусаң болбой, эмеле козголуп келген ызасынын таржымалы ушундай”. Автордук бул түшүндүрмөдөн ызанын кайсы деңгээлде экендигин, ызанын жүрөккө бекем баткан оор күчүн окурман кадимкидей сезет. Ошондой эле психологиялык кырдаалга бап келген бул автордук түшүндүрмө ызага себепчи болгон окуянын жана ага тиешеси бар каармандардын образдарынын эмоционалдык-экспрессивдик таасирдүлүгүн күчөтөт, окурмандын сезимине таасир этет.
Орто кылымга таандык тарыхый, жазма булактарда Сайчы уул, Теңиз-Бука, Кара-Ногойлордун тарыхта жашаган инсандар болгондугу тууралуу маалыматттар айтылат. “В то время когда Узбку-хан в гневе отдал в кошун Койат и стало внуков от семнадцати сыновей, родившихся от других жен Йоги-хана, вместе с принадлежавшим им племенами, остались (все они) сыну Тенгиз-Буге. Очень наглым и злым человеком был этот Тенгиз-Буга. Жестоко истязал и унижал он огланов этих, что были из потомства государей его. … И вот среди огланов этих два человека. Был одинь из них умным и мудрым. Звали его Букри-Ходжи-Ахмад. Кое-кто говорит, (что) звали (его) Мудрый Сайчи-оглан…”.
Романдагы “биздин замандын каармандарына” келсек, алар: ЦКдан келген бөлүм башчы Николай Аблеухов, Илимдер академиясынын Кол жазмалар институтунун директору Рахим Абдуллаев, КГБнын кызматкери, капитан Хайруллаевдер. Николай Аблеухов Бактыгерей Избасаровдун жоголгон кол жазмасы КГБнын колуна түшүп, аны институттун Кол жазмалар фондусунда “Өтө жашыруун” деген гриф менен сакталып турган 1227-номерлү “Чыңгыз нааме” деген аталыштагы папкадан антисоветтик көз караштагы бирөөлөр жашыруун көчүрүп тараткан болуу керек деген шооратка байланыштуу Москвадан жиберилген өкүл. Ал “феодалдык доордун” кан ичери Чыңгызханды даңктоонун нак үлгүсү!” (Аблеуховдун жыйындагы сөзүнөн) болгон көк дептердин мамлекет үчүн идеологиялык жактан канчалык зыяндуу экендигин ташкендик жергиликтү кызматкерлерге терең түшүндүрүп, жооптуулардын сесин алып, анын кесепетин жоюу үчүн кандай иш-чараларды көрү боюнча республикалык Борбордук Комитет, Илимдер академия-сы менен макулдашуу үчүн келген. Партия-лык чогулуш болуп жаткан ысык аптаптуу кундөрү бир да жел жок учурда ачык турган терезе капыстан “тарс” деп жабылды. Баары селт эте түшүштү, түшүнбөй да калышты. Бул Чыңгызхан жөнүндөгү көк дептер тууралуу узун сөз болуп, Чыңгызханды сындап жатканда эч кимге көрүнбөй келген, баарын уккан Чыңгызхандын арбагы эле: “Эмне мынча майдаланып каңгыдыңар? Карага айланып, карып кейпин киерлик тукум эмес элеңер го?” – деди армандуу. Ушинтти да үч айланып, кимдир бирөөгө наалыды, кимдир бирөөнү
каргады.
«Ээй!» – деди. Арасынан күң катындан туулгандарды, арам сийдиктен тарагандарды, дагы-дагы өзүнөн өзү жүдөп-кемирейип, карага каны аралашып, жөнүн табалбай арамданып кеткендерди айра тааныды. Тааныды да армандады.
– Туулбаптыр! – деди каңырыгы түтөп”.
Ошентип, Чыңгызхандын арбагы Аблеуховго мейманканага барып жолугат да, анын ата-бабасынын баскан жолун эскертип, анын Абулай балдарынын ичинен христиан динин кабыл алган, ата жолунан адашкан урпактарынан экендигин, Москванын тең жарымы анын тукумунан экендигин айтат. Романдагы Аблеуховдун образы – Чыңгызхандын тукуму Чыгыштан Кытай, Корей, Вьетнам, Тибет, Батыштан Россия, Кавказ, Армения, Польша, Венгрия, Турция-га чейин тарап, жергиликтү калктар менен ассимиляциялашып кеткендигин, алардын көбү өз тегин билбей, билсе да барк албай, танган урпактардын жалпыланган бир көрүнүшү экендигин тастыктоо максатында алынган образ.
Экинчи жагынан, Аблеуховдун образы – өзүн советтик идеологиянын берилген коргоочусу сыяктуу сезген кызматкерлердин образы, алар партиялык ишеними боюнча кандай гана кырдаал-шарт болбосун партиянын тапшырмаларын жүз пайызга так аткарган, маселени саясатка ылайык-тап чечүгө абдан маш болушкандыгын көрсөткөн образ.
Илимдер академиясынын Кол жазмалар фондусу жөнүндө окуп жатканда А.Койчиев кол жазмаларга байланыштуу Совет мезгилиндеги атмосфераны өтө билгичтик менен сүрөттөгөнүнө таң бердим.
Директор Рахим Абдуллаев – улуттук, мамлекеттик кызыкчылыктар (советтик, советтик эмес, ар кыл доордогу) илимге, өзгөчө гуманитардык илимдерге көп кийлигишип, илимдин принциптерине каршы жыйынтыктардын жаралып калышына себепкер экендигинин көрсөтмөлү далили болгон образ. Саясатка ылайыкташкан “илимий”
жыйынтыктар, “илимий” мамиле биздин кечээги советтик турмушубузда да көп болгондугуна улуттук адабият таануубузда К.Тыныстанов, Молдо Кылыч, ж.б. чыгармачылыгы боюнча “илимий” эмгектердеги корутундулар күбө. Аларды жазган илим адамдары көпчүлүк учурда илимий жактан туура эмес жыйынтык чыгарып, туура эмес пикир жаратып жаткандыгын эң сонун түшүнүп туруп эле, керт башынын кызыкчылыгы жана тынчтыгы үчүн саясат талап кылгандай жазып, саясатталып калгандыгын айтууга аргасыз болушкан. Ошол сыяктуу Рахим Абдуллаев дагы кол жазма боюнча өзүнө, институтка, кол жазма көк дептерге тагылып жаткан дооматтар өтө туура эмес экендигин түшүнүп эле турат. Идеологиялык чалманын сыйырт-магы мойнуна илингендигин сезген Абдулаев өзүнөн бийликтин күткөн жыйынтыгын тезирээк аткарып, тезирээк актанып
алууга далалаттанат. Партбюронун тыкыр тапшырмасынан кийин Академиянын кызматкерлерине төмөндөгүдөй милдеттерди
коет.
“– Ачыгын айтсам, мунуңар түк жарабай калыптыр, жолдоштор!… Аны элестеткениңде тирү адамды көрсө эле жырткычтай ыргыштап, кандын жытын күсөгөн маньяктын сүрөтү өзүнөн өзү тартылуусу керек, жолдоштор! Түшүнүп атасыңарбы ушуну!? Чанда бир жолукчу маньяктын сүрөтү тартылуу керек! Маньяктын гана! Партиянын тапшырмасы ушундай: мейли жумушчу табынын өкүлү болсун, мейли дыйкандар табынын өкүлү болсун, аны элестеткенинде, дүнүйөгө көзү тойбогон, дүнүйөгө ач жалаңкычтын, катын-кыздан башканы ойлобогон катынпоз маньяктын, ушундай түшүнүк бар адабиятта «садист» деген, ошол садисттин сүрөтү тартылуу керек!
Албетте, Абдуллаевдин образына сыпаттама берүдө “илимий принциби жок”, “кошоматчы”, “эки жүздү”, “коркок” деген эпитеттерди колдонсок болор эле, бирок илимий чындыгы суу кечпесин түшүнгөн анын айласыз абалынан улам, биздин ал “эпитеттерибиз” ашыкчылык кылат го дейбиз.
Ал эми Абдуллаевдин келбетине КГБнын кызматкери Хайруллаевдин көзү аркылуу берилген сыпаттамасынан (жымшыйган көздөрү, жазы маңдайы, “казак башаралы” түспөлү) автор Абдуллаевдин өзү да Чыңгызхандын урпактарынан экендигине ишарат кылып жаткандыгын түшүнсөк болот. Романда “Чыңгызхан айткандай, “Москванын тең жарымы менин тукумум” дегендей, ташкенттеги наавайчылар, пахтачылар, коончулар ж.б. баары анын урпактары.
Мурдагы политбюронун жыйынында көк дептердеги “Чыңгызнаме” деген аталыштагы теманы өзгөртү жөнүндө Аблеуховдун “Болобу?” деген суроосуна илимий кызматкер, Абдуллаев, Хайруллаев, партиянын секретары “Болот!” дегенде ачык турган терезелердин бири карс жабылган. Катышуучулар “Чарвактын жели” деп эч бир маани беришпеди. А бирок жыйындагы адамдардын пикирлерине каршы туруп тунук жел менен терезени тарс жапкан, Чыңгызхандын арбагы эле. “Кан ичер Чыңгызхан!”, “Каргыш ургур Чыңгызхан!”, “Зөөкүр тууралуу икеа”, “Жырткыч тууралуу баян” деген кыйкырык үндөр бөлмөдө жаңыра баштаганда, терезенин экинчи көзү катуу карс жабылды. Бул ирет Чыңгызхандын арбагы өтө ачууланып, жыйындагы катышуучуларга өзүнүн каршылыгын билдирди.
А.Койчиевдин автордук позициясы – Чыңгызханга болгон мамилеси оң экендиги мына ушул кичинекей көркөм деталда эле даана көрүндү.
Чыңгызхандын арбагы романда жөн гана үстүртөдөн көлөкө, байкоочу фон эмес, ал романдын жандуу, активдү каармандарынан. Эгерде мына ушул мистикалык сүрөттөөлөрдү чыгармадан алып салсак, анда романдын структурасы толук үбөлөнүп калат. А.Койчиев Чыңгызхандын арбак, аян сыпатында эле эмес, реалдуу көрүнүш катары каармандар менен болгон шарттуу диалогун да өтө ишенимдү түзө алган. Мисал катары, Аблеухов менен Чыңгызхандын сүйлөшүсүн алып көрөлү:
– “Кечиресиң, сен адашып келдиңби?
– Адашкан жокмун, балам. Сен Абулай-Укуп эмессиңби!
– Абулай-Ухов!? Эч кандай Ухов, Муховду тааныбайм, жолдош… Мүмкүн, номурун алмаштырып алдың. Сен…
– Кантип тааныбай каласың!? Абулай-Укупсуң да сен!
– Кечиресиң, жолдош… Эшик кулпулануу турса, чертип койбостон уруксатсыз кантип кирип келдиң? Бул – люкс номер! Мен – Аблеуховмун, ЦКнын бөлүм башчысы…
– Ооба, ооба, Абулай-Укуп атанбадың беле!
– Жолдош… Сен адашып калдың көрүнөт.
– Адашпай-этпей эле! Келем деп сөз бербедим беле, убадама туруп келдим мына…”
Бул жерде А.Койчиев арбак менен Аблеуховдун сүйлөшүсүн бир жагынан мистикалык көрүнүш катары берип жатса, экинчи жагынан түпкүрдөгү генетикалык сезимди ойготуп, өзү менен өзүн сүйлөшү монологун берип жатат.
Чыңгызхандын арбагы ошондой эле
наавайчыга ж.б. жолугат.
– «Өнөрүм менен жумушу не? Темселеген кимиси? Кайсы кеңкелеси?» Наавайчынын итатайы тутулду:
– Анда бейтааныш башын армандуу чайкап:
– Нени былжырап атасың?
– Алты атаңан тарта наавайчы экенсиң. Атаңгөрү-ү! Так ошондон тарта бузулупсуң! – дебеспи.
Бейтааныш киши, ошентип наавайчынын ачуусуна тиет, наавайчы болсо өзүнүн хан урпактарынан экендигин кайдан билсин, наавайчылык кесиби менен мактанат. Бейтааныш каңырыгы түтөп, “Туулбаптыр! Туулбаптыр! Туулбаптыр!” – деп көздөн
кайым болуп кетет.
Чынында эгер Чыңгызхандын тукуму майдаланып кетпей, хандыктан-хандыкты бири-бири менен талашпай өткөрүп келсе, дүйнө кандай өңүттө кетмек, тарых кандай нукта болмок? – деген суроо автор А.Койчиевди кызыктырат. Бул суроо романда Бердибекхан, Өзбекхан жана башка каармандардан тартып Чыңгызхандын арманынан көрүнөт.
Хайруллаев – бул Ч.Айтматовдун Таңсыкбаевинен ашса ашат, кем калбайт. А.Койчиев ал аркылуу идеологияны курал кылган күч органдарынын кызматкерлеринин ташбоорлугун, кайрымсыздыгын, жөнөкөй адамдарды күнөөсү жок болсо да баса калып, көрсөтмө алууга маш болгон кызматкерлердин образын даана сыпаттаган “Антисоветтик” көрүнүштөрдүн бетин ачсам дегенде “эки көзү төрт”. Ал үчүн, өз кызыкчылыгы үчүн капитан Хайруллаев оң ишти тетири кылууга, кармалгандарды азап чектирүүгө дайыма даяр. Ага көк дептердин жоголушу – кызматтан-кызматка көтөрүлүүгө, жаңы, жогорку кызматтык чин алууга шанс болчу, ошондуктан базардагы соодагерлерден баштап Бактыгерейге чейин шектенип, аларды кармап, камап сурак кылуу ага рахат алып келет
Бети багжайган, жука сакалчан, жука муруттуу, көзү жымшык кишинин сүрөтүн тарттырып алып, базардан базар калбай, көчөдөн көчө калбай, үйдөн үй калбай тинтип издеп жүрдү…
Акырында Арслан Койчиевдин “Бакшы жана Чыңгызхан” романына байланыштуу оюбузду кыскартып, жыйынтыктай турган болсок, роман сюжеттик курулушу жагынан өтө чыйрак, чың курулган. Мезгил-мейкиндик жактан жети кылымдык окуяны камтыган, жыйырма жети бөлүкчөдөн турган бөлүмдөр бири-бирин идеялык көркөмдүк жактан толуктап, тереңдетип, каршы-терши мазмундук жактан байланыштарды түзүп турат. Мисалы, Абулай тукумунан чокундурулганын баяндаган окуя менен ЦКдан келген кызматкердин фамилиясынын Аблеухов деп окшошуп турушу, же Сайчы уулунун тогуз жашындагы Алтын кадас жылдызы жөнүндөгү ою менен кулчулуктан кутулаар мезгил келгендигин сезгендеги Алтын кадас жөнүндөгү эскерүүсү ж.б.
Романдагы автордук идеялык-эстетикалык концепциядан четкерээк калган
каарман, окуя, эпизод жок. Байыркы тарых, азыркы учур, мистикалык көрүнүш бири-бири менен жуурулушуп турат. Романда кезиккен рефрендик кайталоолор бир ойдун же көрүнүштүн бир канча түрдө кайталанып чечмелениши, тереңдетилиши, сүрөттөлүшү да өз ыгы менен, окурмандын көнүлүн ошол көрүнүшкө байырлантуу, буруу үчүн пайдаланылып, өзгөчө бир стилдик ыргактуулук тартуулап турат.
Романдагы урпактар жөнүндө тема Чыңгызхандын урпактарына гана тиешелүү эмес, бул тема бизге, кыргыздарга да түздөн-түз тиешеси бар, актуалдуу. Элибиздин урпактары бири-бирин колдоп, жөлөк-таяк болуп келгендиктен канча кылымдардын тарыхында азап көрсө да кырылып калбай, майдаланбай, муундан-муунга насаат калтырып, “Манасын” айтып келе жатат.
Дегеле, Арслан Койчиевдин көркөмдүк системасын тарых, миф, философия, улуттук аң-сезимдин синтези, реализм менен мистикалык элементтердин айкалышы аркылуу түзөт. А.Койчиев мистика аркылуу кыргыз адабиятындагы реализмдин чегин кеңейткендигин көрөбүз.
Өз ишинин чебери үчүн “мурда көп иштелген тема” деген түшүнүк болбойт. Кандай гана такталган тема болбосун ал түпкүрдөн жаңы боек, жаңы нур, жаңы ыргакка боелуп, өзгөчөлүү, оргиналдуу идеялык-эстетикалык чечилиштерге жыйынтыктарга ээ боло алат.
Арслан Койчиев да адабиятта мурун иштелген тема болсо да, болбосо да жаңы көз караш менен ийгиликке жетишкен автор. Жаңычылык издөө – Арсландын кредосу, чыгармачыл табылгалар көп болушун авторго каалайбыз.


